Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры № 1
Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайын чакырууну жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө Жобого жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү курултайынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь, ишемби күнү Нарын шаарынын Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жыйындар залында саат 10 00 дө өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултайына” Нарын шаарынан делегаттардын бекитилген квоталарына ылайык 3 делегат көрсөтүлсүн.
3. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдөрдө жашаган калктын санына жараша Нарын шаарындагы 1-аймактык РТС чөлкөмүнөн-33делегат, 2-аймактык И.Раззаков чөлкөмүнөн – 33 делегат, 3-аймактык Борбор чөлкөмүнөн - 28 делегат, 4-аймактык Көтөрмө чөлкөмүнөн - 25 делегат, 5- аймактык Батыш чөлкөмүнөн - 31 делегат көрсөтүлсүн, жана ченемге (нормага) ылайык шаардык курултайга 150 (жүз элүү) делегат шайлансын.
4. Элдик Курултайга Нарын шаарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары- жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (курамы тиркелет).
5. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдө түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлсүн (2-тиркеме тиркелет).
6. Жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча чогулуштар жашаган жери боюнча белгиленген графикке ылайык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жана өткөрүүгө жооптуу депутаттардын катышуусу менен жүргүзүлсүн.
7. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайынан Элдик курултайга шайланган делегаттардын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколун жана толтурулган анкеталарын уюштуруу комитетине тапшыруу жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
8. Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктун курултайын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан финансы маселелерин чечүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
9. Массалык маалыматтар каражаттары аркылуу Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын курултайын жана аймактык чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын) саатын жана дарегин жергиликтүү жамаатка алдын ала маалымдоо жагы Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
10. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмү Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайын жана чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү жыйындарын өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрсүн жана жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрүн жыйынга катышуусун камсыз кылсын.
111.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Эсеналиев |
1-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу тобунун курамы
1. Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович - Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси;
2. Жапаралиева Акылай Өмүрбековна - Нарын шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
1. Мукашова Нурзада - Нарын шаардык
мэриясынын жетектөөчү адиси
2. Мааткеримов Айтбек Мааткеримович - Нарын шаардык Кеңешинин
депутаты ,
3. Джумамудунова Гүлназ Сабыркуловна - Нарын шаардык Кенешинин
депутаты ,
4. Апышев Акылбек Замирбекович - Нарын шаардык Кенешинин
депутаты ,
5. Жаманова Асылкүл Окошевна - Кыргыз Республикасынын
Коррупцияга каршы
“Жогорку Элдик Көзөмөл”
коомдук бирикмесинин
Нарын облусу
боюнча координатору ,
6. Усенова Анара Караталовна - Нарын шаардык мэриясынын адиси
7.Жунушова Аида Орозобековна - Нарын шаардык Кенешинин
иш кагаздарын жүргүзүүчү
Нарын шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.Жапаралиева
2-тиркеме
2025-жылдагы жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
Нарын шаарынын чөлкөмдөрүндө жергиликтүү жамааттар менен жолугушуунун графиги
№ | Аймакка бөлүнүшү | Датасы | Убактысы | Орду | Жолугушууга жооптуу депутаттар жана мэриянын кызматкерлери | Жооптуу мекеме, ишканалар жана жетекчилер |
1 | 1-аймак РТС чөлкөмү | 20.10.2025-ж. | 17.00 | С.Бекманбетов атындагы балдар спорт мектеби | А.Апышев Ы.Муханмедий кызы Э.Рысбек уулу С.Алымкулова Б.Касымов
А.Ибраев
| А.Дыйканбаев-№10 мектеп Мухаммедий кызы Р. -№18 б/бакча С.Алымкулова - №3 б/бакча А.Турдубек уулу -Таза-Нарын Э.Жамбаев-ММИ С.Кубатбеков -гор сеть Ж.Мамбетказиев-соц коргоо Б.Алымканов -салык инспекциясы Т.Жакыпов -ЦСМ А.Орозобаев-суу-канал С.Бошубеков спорт мектеп А.Бильдебаев -ГОВД А.Кыдыкбаев -МЧС Р.Касмалиев-спорт бөлүмү |
2 | 2-аймак Раззаков чөлкөмү | 21.10.2025-ж. | 17.00 | М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин актовый залы | А.Торогелдиев А.Жакшылыков
Н.Кайыпов А.Мурзаканова А.Мамаджанова | А.Кадыралиев-№7 мектеп К.Токтосейитова-№14 б/бакча Турдубек уулу Акылбек -Таза-Нарын Э.Жамбаев-ММИ С.Кубатбеков -гор сеть Ж.Мамбетказиев-соц коргоо Б.Алымканов –салык инспекциясы Т.Жакыпов -ЦСМ А.Орозобаев -суу-канал М. Аманбаев -жылуулук берүү Н.Эсенканова -китепкана З.Кененбаева-№2 б.бакча А.Билдебаев -ГОВД А.Кыдыкбаев -МЧС
|
3 | 3-аймак Борбордук чөлкөмү (Ат-Башы көчөсүнөн баштап ДСУга чейин) | 22.10.2025-ж. | 17.00 | Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектеби | А.Черикчиев Г.Джумамидинова Н.Дамирбеков К.Таалайбек у Г.Токолдошова
Г.Жумакадырова Асангазы кызы Э Ж.Асанкожоев Н.Мукашова А.Усенова
| К.Орозалиев -№4 мектеп А.Бакиров -№1 орто мектеп Р. Осмонов- №2 мектеп гимназия Н.Байбосова №15 б/бакча Н.Асыпбаева №4 б/бакча Т.Жунушбаева Ата-Түрк б/бакча Ж.Абдразаков муз.мектеп Д.Жунусова -Маданият бөлүмү Акылбек Турдубек уулу -Таза-Нарын Э.Жамбаев -муниципал С.Кубатбеков -гор сеть Ж.Мамбетказиев-соц коргоо Б.Алымканов -салык инспекциясы Т.Жакыпов-ЦСМ А.Орозобаев-суу-канал М.Аманбаев -жылуулук берүү Н.Эсенканова –китепкана А.Билдебаев -ГОВД А.Кыдыкбаев -МЧС |
4 | 4-аймак Көтөрмө чөлкөмү (ДСУдан Жаңы жолго чейин) | 23.10.2025-ж. | 17.00 | А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби | А.Сталбек уулу М.Муталипова А.Жусупов
З.Жумаев
| А.Усубалиев-№5 мектеп Директор -№8 орто мектеп М.Нуралиева №17 б/бакча А.Турдубек у -Таза-Нарын Э.Жамбаев-ММИ С.Кубатбеков -гор сеть Ж.Мамбетказиев-соц коргоо Б.Алымканов -салык инспекциясы Т.Жакыпов -ЦСМ А.Орозбаев-суу-канал М.Аманбаев жылуулук берүү А.Билдебаев -ГОВД А.Кыдыкбаев -МЧС Д.Кенжекеева-соц фонд |
5 | 5-аймак Батыш чөлкөмү (Жаңы жолдон Ак-кыяга чейин) | 24.10.2025-ж. | 17.00 | №9 А.Садыков атындагы орто мектеби | К.Токтомуш уулу Акматбек к Э Ч.Муканбетжусупов
Ж.Идирисова А.Байышов А.Өмүрзаков М.Таалайбекова | Э.Акматбек к - №9 орто мектеп Г.Чымырбаева №16 б/бакча А.Турдубек уулу - Таза-Нарын Э.Жамбаев-ММИ С.Кубатбеков -гор сеть Ж.Мамбетказиев-соц коргоо Б.Алымканов – салык инспекциясы Т.Жакыпов -ЦСМ А.Орозобаев-суу-канал М.Аманбаев -жылуулук берүү А.Кыдыкбаев - МЧС А.Билдебаев- ГОВД Д.Кенжекеева-соц фонд
|
Эскертүү: Жолугушууларга шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилеринин толук катышуулары милдеттендирилет.Ал эми, шаардык делегаттарды шайлоо боюнча жыйын Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00 до өткөрүлөт.
Нарын шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.Жапаралиева