Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 256
Медиация жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, кылмыш-жаза-укуктук укук мамилелеринен келип чыккан чыр-чатактарга (талаш-тартыштарга) медиацияны колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Чыр-чатак (талаш-тартыш) медиацияга катышпаган башка жактардын кызыкчылыктарын козгогон учурларда медиация колдонулбайт.
3. Медиация ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт.
2-берене. Медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Медиация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу, ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) медиация - чыр-чатактын (талаш-тартыштын) тараптарынын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүүсү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү аркылуу чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуу жол-жобосу;
2) соттук медиация - өз өндүрүшүндө турган иш боюнча соттун жиберүүсү боюнча жүргүзүлүүчү медиация жол-жобосу;
3) сотко чейинки милдеттүү медиация - мыйзамда ушул категориядагы иштер үчүн каралган учурда чыр-чатакты (талаш-тартышты) сотко чейин жөнгө салуу;
4) медиатор - ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын мүчөсү болуп саналган жана Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде турган жеке жак;
5) медиациянын тараптары - медиация жүргүзүү жолу менен алардын ортосунда чыр-чатактын (талаш-тартыштын) келип чыгуусунун алдын алуу же жөнгө салуу максатында медиация борборуна кайрылган жана медиация жүргүзүү жөнүндө келишим түзгөн жеке жана (же) юридикалык жактар, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу;
6) медиация жүргүзүү жөнүндө келишим - медиация жүргүзүү жолу менен чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуу жөнүндө тараптар жана медиатор (медиаторлор) тарабынан түзүлүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
7) медиациялык макулдашуу - медиациянын тараптарынын макулдашуусунун натыйжасын бекиткен, ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бүтүм болуп саналган жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
8) медиация борбору - ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада жана тартипте эки же андан көп медиатордун демилгеси боюнча түзүлүүчү жана ушул Мыйзамга ылайык медиация практикасын жана медиаторлордун квалификациясын адистештирүү боюнча жогорулатууну жүзөгө ашыруучу медиаторлордун уюму;
9) медиациялык маалыматтык жолугушуу - чыр-чатакты (талаш-тартышты) чечүү үчүн медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо жана аларга медиация жол-жобосунун маңызын түшүндүрүү максатында медиатордун (медиаторлордун) чыр-чатактын (талаш-тартыштын) тараптары менен жолугушуусу, анын жыйынтыгы боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тараптар медиация жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коет же аларга медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат берилет;
10) медиаторду базалык кесиптик даярдоо сертификаты - Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын окуу борбору тарабынан берилүүчү, медиатордун базалык кесиптик даярдоодон өткөндүгү жөнүндө документ;
11) медиатордун күбөлүгү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык медиатордун статусун ыйгаруу тууралуу документ;
12) медиациянын катышуучулары - медиатор (медиаторлор), медиациянын тараптары, алардын өкүлдөрү, мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочулары (адвокаттары), котормочу, эксперттер жана медиациянын тараптарынын макулдашуусу боюнча аныкталган башка адамдар;
13) медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга жана мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
14) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагындагы медиациялык жардам - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү медиация;
15) медиациялык эскертме - келишимдин тараптарынын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан учурда медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырган келишимдеги (контракттагы) жазуу жүзүндөгү шарт;
16) онлайн медиация - Кыргыз Республикасынын санарип мыйзамдарына ылайык санарип сервистерди, санариптик технологиялык тутумду жана (же) санарип экотутумун пайдалануу менен толук же жарым-жартылай жүргүзүлүүчү медиация.
4-берене. Медиация жүргүзүүнүн принциптери
1. Медиация төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) ыктыярдуулук;
2) медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу;
3) медиатордун бейтараптыгы;
4) купуялуулук.
2. Медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу, медиатордун бейтараптыгы жана купуялуулук принциптеринин колдонулушу медиациялык маалыматтык жолугушууга карата жайылтылат.
3. Ыктыярдуулук принцибинин колдонулушу медиациялык маалыматтык жолугушууну жүргүзүүгө карата жайылтылбайт.
5-берене. Ыктыярдуулук принциби
1. Тараптарды талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууга мажбурлоого эч ким укуктуу эмес.
2. Медиаторду талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу боюнча жардам көрсөтүүгө мажбурлоого эч ким укуктуу эмес.
3. Медиациянын тараптары жетишкен макулдашуулар ыктыярдуу аткарылат.
6-берене. Медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу принциби
1. Эгерде медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башкасы каралбаса, жеке жана (же) юридикалык жактар, ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу медиаторду (медиаторлорду) же медиация борборун өз алдынча тандайт.
2. Медиациянын тараптары талкуулануучу маселелердин тизмегин, чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуунун варианттарын, медиациялык макулдашуунун мазмунун, аны аткаруунун мөөнөттөрүн жана ыкмаларын, ошондой эле чыр-чатак (талаш-тартыш) жана медиация жүргүзүү боюнча башка маселелерди өз алдынча аныктайт.
Медиациянын башка катышуучулары медиациянын тараптарына консультацияларды жана сунуштарды бере алат, бирок чечимди медиациянын тараптары гана кабыл алат.
3. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүүдө жана өз ара алгылыктуу макулдашууну иштеп чыгууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
7-берене. Медиатордун бейтараптыгы принциби
1. Медиатор медиациянын тараптарына карата бейтарап жана медиациянын тараптарына, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, башка жеке жана юридикалык жактарга көз каранды эмес.
2. Медиатордун бейтараптыгына таасир тийгизүүчү жагдайлар болгон учурда ал баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен медиация жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш.
3. Медиатор өзү медиатор болгон талаш-тартыш же кылмыш-жаза иши боюнча соттук же бейтарап териштирүүдө тигил же бул тараптын өкүлү же жактоочусу боло албайт.
4. Медиатор медиациянын тараптарына чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл алуу боюнча консультацияларды жана сунуштарды берүүгө укуксуз.
5. Медиатор медиациянын тараптарынын ортосундагы чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл ала албайт.
6. Медиатор медиациянын тараптарына медиация жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби боюнча консультацияларды жана сунуштарды берет.
8-берене. Купуялуулук принциби
1. Медиацияны жана медиациялык маалыматтык жолугушууну жүргүзүүдө медиацияга тиешелүү бардык маалыматтын купуялуулугу сакталат.
2. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушууну жана (же) медиация жол-жобосун өткөрүү процессинде аларга белгилүү болуп калган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Бул милдет ишин токтотуп турган же токтоткон медиаторго дагы жайылтылат.
3. Эгерде медиация жүргүзүү жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, медиациянын тараптары медиация процесси менен байланышкан маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.
4. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушуунун жана медиация жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшүндө аларга белгилүү болуп калган маалыматтар жөнүндө күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.
5. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, медиатордон жана медиация борборунан медиациялык маалыматтык жолугушууга жана (же) медиация жол-жобосуна тиешелүү маалыматты талап кылууга тыюу салынат.
6. Купуялуулук принциби төмөнкүдөй учурларда жайылтылбайт:
1) адамдын өмүрүн же ден соолугун коргоо же эркиндигин камсыз кылуу же болбосо баланын эң мыкты кызыкчылыктарын коргоо зарыл болгондо;
2) экинчи тарап медиациялык макулдашууну түзүү фактысын талашкан же танган учурда аталган фактыны тастыктоо үчүн маалымат берилгенде;
3) медиациялык макулдашуунун мазмунун ачыкка чыгаруу аны ыктыярдуу же мажбурлоо тартибинде аткаруу үчүн зарыл болгондо, бул тууралуу медиациялык макулдашууда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш;
4) укуктук же тартиптик талаш-тартыш маалыматты ачыкка чыгарган адамга каршы багытталганда жана медиация процессинен келип чыкканда, мында көрсөтүлгөн маалыматты жайылтуу аталган адамдын укуктук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгондо.
7. Медиация тарабы же кылмыш-жаза иши өндүрүшүнүн, соттук же бейтарап териштирүүнүн алкагында медиация жол-жобосуна катышкан кандай болбосун жак төмөнкүлөрдү далил катары келтирүүгө жана өзүнүн күбө катары көрсөтмөсүндө аларга шилтеме жасоого укуксуз:
1) тараптардын биринин медиация жол-жобосуна кайрылуу жөнүндө сунушуна же тараптардын биринин медиацияга катышууга даярдыгына;
2) медиациянын тараптарынын бири талаш-тартышты мүмкүн болгон жөнгө салуу боюнча айткан пикирлерге же сунуштарга;
3) медиациянын жүрүшүндө тараптардын бири жасаган билдирүүлөргө же моюнга алууларга;
4) талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу жөнүндө медиатор тарабынан берилген сунушту кабыл алуу фактысына;
5) медиация максаттарында гана даярдалган документке.
2-глава. Медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу орган:
1) медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзөт жана ишке ашырат;
2) медиация маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоо, мониторинг жүргүзөт жана жалпылайт;
4) медиация тутумунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат;
5) калкка медиация жөнүндө маалымдоону камсыз кылат;
6) Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
7) Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын иши жөнүндө зарыл маалыматты сурайт;
8) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик актыларда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
10-берене. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби
1. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Медиаторлордун реестри) ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз же болбосо электрондук түрдө жүргүзүлөт жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат.
2. Медиаторлордун реестринин мазмуну жана аны жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
3. Медиаторлордун реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык өзгөрүүлөр медиаторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына 15 календардык күндүн ичинде маалымдалууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы өзгөртүүлөрдү Медиаторлордун реестрине киргизүү үчүн аталган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде жиберет.
3-глава. Медиаторлор палатасы
11-берене. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы
1. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы (мындан ары - Медиаторлор палатасы) - Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун ага милдеттүү мүчө болуусуна негизделген жана Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган медиаторлордун өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомдоштугу.
Медиаторлор палатасы өз ишин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбеген жарандык коомдун институту катары өз алдынча башкаруу принциптеринде уюштурат.
Медиаторлор палатасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга жана Медиаторлор палатасынын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Медиаторлор палатасы өз алдынча уюштуруу-укуктук формага ээ болгон коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат - Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бир Медиаторлор палатасы иштейт.
4. Юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында "Медиаторлор палатасы" деген сөздөрдү пайдаланууга жол берилбейт.
5. Медиаторлор палатасы пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
6. Медиаторлор палатасы ага менчик укугунда же башка негиздерде таандык болгон мүлккө ээ, ал өзүнө негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү камтыйт.
7. Медиаторлор палатасынын мүлкүн түзүүчү булак болуп кирүү жана мүчөлүк акылар, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр саналат.
8. Медиаторлор палатасынын мүчөлөрү Медиаторлор палатасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Медиаторлор палатасы анын мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
12-берене. Медиаторлор палатасынын уставы
1. Медиаторлор палатасы өзүнүн уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.
2. Медиаторлор палатасынын уставында төмөнкүлөр каралат:
1) Медиаторлор палатасынын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;
2) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Медиаторлор палатасынын ревизиялык комиссиясынын, Медиаторлор палатасынын этика боюнча комиссиясынын курамын түзүү тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
3) Медиаторлор палатасынын кеңешинин курамынан Медиаторлор палатасынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо тартиби жана шарттары;
4) Медиаторлор палатасынын мүчөлүгүнө кирүү шарттары жана тартиби;
5) Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
6) кирүү жана мүчөлүк акыларды төлөө тартиби;
7) Медиаторлор палатасынын мүлкүн түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби;
8) Медиаторлор палатасынын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
9) медиатордун статусун алуу укугуна талапкер адамдарды кесиптик даярдоонун, ошондой эле медиаторлордун квалификациясын жогорулатуунун тартиби;
10) финансылык отчетту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;
11) Медиаторлор палатасынын башкаруу органдарынын иши жөнүндө отчетту берүү тартиби;
12) Медиаторлор палатасына медиация борборунун иши жөнүндө маалыматты берүү тартиби.
3. Уставда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, Медиаторлор палатасынын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.
13-берене. Медиаторлор палатасынын башкаруу органдары
1. Медиаторлор палатасынын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Медиаторлордун съезди;
2) Медиаторлор палатасынын кеңеши;
3) Этика боюнча комиссия.
2. Медиаторлордун съездин, Медиаторлор палатасынын кеңешин жана Этика боюнча комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби, ошондой эле ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда жана Медиаторлор палатасынын уставында белгиленет.
3. Медиаторлор Медиаторлор палатасынын кеңешиндеги, Этика боюнча комиссиядагы жана Ревизиялык комиссиядагы мүчөлүктү бир убакта айкалыштыра албайт.
14-берене. Медиаторлордун съезди
1. Медиаторлордун съезди Медиаторлор палатасынын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Медиаторлордун съездинде Медиаторлор палатасынын төрагасы, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Медиаторлордун съезди Медиаторлор палатасынын кеңешинин чечими боюнча үч жылда кеминде бир жолу чакырылат, ал Медиаторлордун съездин өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт.
Медиаторлордун кезексиз съезди Медиаторлор палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин чечими боюнча же Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча же Медиаторлор палатасынын Ревизиялык комиссиясынын демилгеси боюнча чакырылат.
Медиаторлордун съезди, эгерде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси анын ишине катышса, укуктуу деп эсептелет.
Медиаторлордун съездинде делегаттардын өкүлчүлүгү Медиаторлордун реестринде турган ар бир медиация борборунун мүчөлөрүнүн санынан 50 пайызын эсепке алуу боюнча, бирок бир медиация борборунан 5 делегаттан ашык эмес аныкталат.
Кезектеги же кезексиз Медиаторлордун съездинин делегаттарын кезектеги Медиаторлордун съезди өткөрүлө турган датага чейин, кеминде 6 ай мурда катталган медиация борборлору жөнөтө алат.
Медиаторлордун съездинин делегаттарын аныктоо тартиби, Медиаторлордун съездинде добуш берүүнүн жана шайлоонун тартиби Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
3. Медиаторлордун съездинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Медиаторлор палатасынын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Медиаторлор палатасынын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставды жаңы редакцияда кабыл алуу;
3) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмелерине мүчөлөрдү шайлоо;
5) Медиатордун кесиптик этика кодексин бекитүү;
6) Медиаторлор палатасынын кеңеши, Этика боюнча комиссия, Ревизиялык комиссия жөнүндө жоболорду бекитүү;
7) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн, Этика боюнча комиссиянын мүчө-медиаторлорунун сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;
8) Медиаторлор палатасынын, Этика боюнча комиссиянын төрагаларынын жана алардын орун басарларынын сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;
9) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын отчетторун бекитүү.
15-берене. Медиаторлор палатасынын кеңеши
1. Медиаторлор палатасынын кеңеши коллегиалдуу аткаруу органы болуп саналат жана 9 адамдан турат. Медиаторлор палатасынын кеңешинин мүчөлөрү Медиаторлор палатасынын медиатор катары (медиатордун күбөлүгүн алган датадан тартып) эки жылдан кем эмес иш стажы бар мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле медиатор Медиаторлор палатасынын кеңешине мүчө болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Медиаторлор палатасынын кеңеши өзүнүн курамынан Медиаторлор палатасынын төрагасын жана анын орун басарын Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
2. Медиаторлор палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Медиаторлор палатасынын кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат.
3. Медиаторлор палатасынын ишин жетектөө Медиаторлор палатасынын кеңеши жана Медиаторлор палатасынын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат. Медиаторлор палатасынын кеңеши Медиаторлордун съезддеринин ортосундагы мезгилде Медиаторлор палатасынын ишин жалпы жетектөөнү жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.
Медиаторлор палатасынын төрагасы өкүлчүлүк, жетектөөчү, уюштуруучулук жана контролдоочу иш-милдеттерди аткаруу менен Медиаторлор палатасын учурдагы жетектөөнү жүзөгө ашырат.
4. Медиаторлор палатасынын төрагасы Кеңеш тарабынан кызмат ордуна шайланат жана кызмат ордунан четтетилет. Медиаторлор палатасынын төрагасы үч жылдык мөөнөткө шайланат.
5. Медиаторлор палатасынын кеңеши төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:
1) медиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө катышат;
2) медиация борборлоруна алардын ишин жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтөт;
3) Медиаторлор палатасынын окуу борборун түзөт, анын уставын бекитет жана директорду дайындайт;
4) медиаторлорду базалык кесиптик даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун стандарттарын бекитет;
5) медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу медиация борборлорун сертификаттоону жүргүзөт;
6) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка уюмдарда, мекемелерде, ошондой эле эл аралык уюмдарда Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жактайт;
7) жеке жана юридикалык жактарга медиация чөйрөсүндөгү иш, медиация борборлорунун жайгашкан жери, алардын иштөө тартиби жөнүндө маалымдоону жүргүзөт;
8) Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруусун контролдоону жүзөгө ашырат;
9) ыйгарым укуктуу орган менен медиация чөйрөсүндөгү иштин маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
10) башка мамлекеттердин медиаторлорунун коомдоштуктары менен өз ара аракеттенет жана кызматташат;
11) Медиатордун кесиптик этика кодексин иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
12) медиатордун кесиптик ишинин стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
13) медиатордун күбөлүгүн берүү тартибин аныктайт жана бекитет жана аны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген адамдарга берүүнү жүзөгө ашырат;
14) ыйгарым укуктуу органга Медиаторлордун реестрин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык түзүү боюнча көмөк көрсөтөт;
15) ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган учурларда медиатордун статусун токтотуп туруу, токтотуу жана кайра улантуу жөнүндө чечим кабыл алат;
16) медиация борборлорунан алынган статистикалык маалыматтарды чогултат жана талдайт;
17) талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкаркы механизми катары медиациянын жана жарандардын медиациялык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тутумунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу органга тиешелүү сунушту үч жылда бир жолудан кем эмес берет;
18) кирүү жана ар жылдык мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн, ошондой эле аларды төлөө тартибин аныктайт жана бекитет;
19) медиация боюнча иш жөнүндө маалыматты жана статистикалык отчетту коомчулук үчүн жылына бир жолу жарыялайт;
20) медиатордун статусун алуу укугуна талапкер адамдарды кесиптик даярдоону уюштурууда, ошондой эле медиаторлордун квалификациясын жогорулатууну уюштурууда көмөк көрсөтөт;
21) медиация жол-жобосунда колдонуу үчүн милдеттүү болгон документтердин үлгүлөрүн бекитет;
22) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча милдеттүү сотко чейинки медиация боюнча медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүүнүн тарифтерин бекитет;
23) ушул Мыйзамда жана уставда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
16-берене. Этика боюнча комиссия
1. Этика боюнча комиссия Медиаторлор палатасынын кеңешинен көз карандысыз болгон жана ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелер боюнча Медиаторлор палатасынын өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
2. Этика боюнча комиссия 7 мүчөдөн турат, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Медиаторлор палатасынын Медиаторлордун съезди тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайлануучу беш мүчөсү;
2) ыйгарым укуктуу органдын эки өкүлү.
Этика боюнча комиссиянын курамына мүчөлөрдү киргизүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
3. Этика боюнча комиссия көпчүлүк добуш менен өзүнүн курамынан төраганы жана Медиаторлор палатасынын өкүлдөрүнүн ичинен анын орун басарын шайлайт. Бир эле адам Этика боюнча комиссиянын мүчөсү болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Этика боюнча комиссия Комиссиянын мүчөсү болуп саналбаган жана добуш берүү укугуна ээ болбогон катчыны дайындайт. Катчы Комиссиянын ишин уюштуруучулук коштоону камсыз кылат.
4. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле убакта Медиаторлор палатасынын кеңешинин мүчөсү боло албайт.
5. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес мүчөсү катышканда укуктуу болуп эсептелет.
6. Жыйналыштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү, ошондой эле ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка уюштуруу маселелери Этика боюнча комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
7. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, Медиатордун кесиптик этика кодексин сактабоо жана бузуу боюнча медиатордун (медиаторлордун) аракети (аракетсиздиги) менен байланышкан маселелерди кароо;
2) медиатор (медиаторлор) статусун токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечимди Медиаторлор палатасынын кеңешине жиберүү;
3) Медиатордун кесиптик этика кодексин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
4) тартиптик практиканы жалпылоо;
5) Медиатордун кесиптик этика кодексин сактоо боюнча ишти жүзөгө ашырууда Медиаторлор палатасынын кеңешине көмөк көрсөтүү;
6) уставда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу.
8. Этика боюнча комиссия арыздарды, даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим чыгарат.
9. Этика боюнча комиссиянын чечими добуш берүү аркылуу анын жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Этика боюнча комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт.
10. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Медиаторлордун съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган, кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Этика боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлөт.
17-берене. Медиаторго карата даттанууларды Этика боюнча комиссия тарабынан кароонун тартиби
1. Медиаторго карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу Этика боюнча комиссиянын өзгөчө компетенциясынын предмети болуп саналат.
2. Тартиптик өндүрүш медиаторго карата даттануулардын, сунуштардын, кайрылуулардын өз убагында, объективдүү жана адилеттүү каралышын, алардын медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык чечилишин, ошондой эле кабыл алынган чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
3. Этика боюнча комиссиянын кароосунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке жана юридикалык жактардын даттануулары;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамалары;
3) медиатор (медиаторлор) тарабынан жол берилген бузуулар жөнүндө маалыматты камтыган сот актылары (жекече аныктамалар/токтомдор);
4) отчет берүү менен байланышкан бузуулар жөнүндө Медиаторлор палатасынын кеңешинин сунуштамалары.
4. Даттанууларды текшерүүнү уюштуруу, аларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү, тартиптик өндүрүштүн жол-жобосу, тартиптик жоопкерчилик чаралары, даттануунун тартиби жана башка маселелер ушул Мыйзамга ылайык бекитилүүчү Этика боюнча комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
Мында тартиптик өндүрүштү козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомду кабыл алуунун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
5. Этика боюнча комиссия бардык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, укук коргоо органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан тартиптик ишти объективдүү кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана докуменггерди суроого жана алууга укуктуу.
6. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш;
3) медиатордун статусун ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган негиздер боюнча жана мөөнөткө токтотуп туруу;
4) медиатордун статусун токтотуу.
Медиатордун статусун токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууда Этика боюнча комиссия квалификацияны жогорулатуудан милдеттүү түрдө өтүүнү дайындайт.
18-берене. Ревизиялык комиссия
1. Ревизиялык комиссия Медиаторлор палатасынын финансылык-чарбалык ишин контролдойт жана Медиаторлордун съездине отчет берет.
2. Ревизиялык комиссия Медиаторлордун съезди тарабынан 3 адамдан турган санда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Ревизиялык комиссиянын жыйналыштары, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.
3. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Медиаторлордун съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган, кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт.
Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Ревизиялык комиссия шайланган мөөнөткө түзүлөт.
4. Ревизиялык комиссия зарыл болгон учурда бухгалтердик эсеп жана финансы жаатында билими бар адистерди тартууга укуктуу.
5. Медиаторлор палатасынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү анын бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле кайсы убакта болбосун Ревизиялык комиссиянын, Медиаторлор палатасынын кеңешинин демилгеси же Медиаторлордун съездинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Бир эле адам катары менен бир мөөнөттөн ашык Ревизиялык комиссиянын мүчөсү жана Медиаторлор палатасынын төрагасы боло албайт.
4-глава. Медиатордун жана медиация борборунун укуктары жана милдеттери
19-берене. Медиаторго карата талаптар
1. Төмөнкү адам медиатор боло алат:
1) 25 жашка толгон;
2) жогорку билими бар;
3) Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча 80 сааттан кем эмес көлөмдө медиация боюнча базалык кесиптик даярдоонун жыйынтыгы боюнча сертификат алган;
4) ушул Мыйзамга ылайык медиатордун күбөлүгүн алган;
5) Медиаторлор палатасына мүчөлүккө кирген;
6) медиация борборуна мүчөлүккө кирген.
2. Медиаторлор палатасына кирүү үчүн документтердин тизмеги Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан аныкталат.
3. Төмөнкүлөр медиатор боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу бар адам;
3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган адам.
4. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчыга медиатор болууга тыюу салынат.
5: Медиация борбору өзүнүн мүчөсү катары киргизүүчү медиаторлорго карата кошумча, атап айтканда адистештирүү боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттын болушу боюнча талаптарды белгилей алат.
6. Медиатор отчетту Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилген форма боюнча жана мөөнөттө тапшырууга милдеттүү. Отчет берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
7. Үй-бүлөлүк, эмгектик иштер боюнча, кылмыш-жаза сот өндүрүшү жана (же) жаза аткаруу мыйзамдарынан келип чыккан иштер боюнча, ошондой эле бала ал иштердин тарабы болуп саналган же болбосо ишти анын эң мыкты кызыкчылыктарында чечүү үчүн анын катышуусу талап кылынган иштер боюнча медиация жүргүзүүгө тийиштүү чөйрөлөрдө 50 сааттан кем эмес көлөмдө квалификациясын адистештирилген жогорулатуудан өткөн медиатор укуктуу.
20-берене. Медиатордун статусун токтотуп туруу, кайра улантуу жана токтотуу
1. Медиатордун статусун токтотуп туруу жана токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Медиаторлор палатасынын кеңешинин чечими менен - ушул беренеде каралган негиздер боюнча;
2) Этика боюнча комиссиянын чечими менен - тартиптик өндүрүштүн жыйынтыгы боюнча, ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген тартипте.
2. Медиатордун статусу Медиаторлор палатасынын кеңешинин чечими менен төмөнкүдөй токтотулуп турат:
1) статусун токтотуп туруу жөнүндө медиатордун арызы боюнча - арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө;
2) төмөнкүдөй учурларда тийиштүү негиздер четтетилгенге чейин:
а) ушул Мыйзамдын квалификацияны милдеттүү жогорулатуу жөнүндө талаптары сакталбаганда;
б) Медиаторлор палатасына ар жылдык мүчөлүк акы төлөнбөгөндө;
в) отчет берилбегенде.
3. Медиатордун кесиптик этика кодекси бузулган учурда медиатордун статусу Этика боюнча комиссиянын чечими менен алты айлык мөөнөткө токтотулуп турат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар кайталанып жасалган учурда медиатордун статусу бир жылдык мөөнөткө токтотулуп турат.
4. Медиатордун статусу медиатор мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мезгилде токтотулуп турат.
5. Медиатордун күбөлүгүн кайрадан берүүгө медиатордун статусу токтотулган күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин жана медиация боюнча базалык кесиптик даярдыктан 80 сааттан кем эмес көлөмдө өткөндөн кийин жол берилет.
6. Медиатордун статусу аны токтотуп турууга себеп болгон негиздер четтетилгенден кийин, жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра улантылат. Эгерде токтотуп туруу учурунан үч жылдан ашык өтсө, кайра улантууга медиатор базалык кесиптик даярдоодон өткөндөн кийин гана жол берилет.
7. Медиатордун статусу Медиаторлор палатасынын кеңешинин чечими менен төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:
1) медиатор каза болгондо же аны дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) медиатор белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
3) медиатордун статусунан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенде;
4) медиатордун статусуна ээ болгон адамга карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) адам наркологиялык же психоневрологиялык диспансерге каттоого коюлганда.
8. Медиаторлор палатасынын кеңешинин жана Этика боюнча комиссиясынын чечимдери, анын ичинде медиатордун статусун токтотуу, токтотуп туруу, тартиптик жоопкерчилик чарасын көрүү жөнүндө чечимдери жана алардын компетенциясынын чегинде кабыл алынган башка чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
21-берене. Медиаторлорду кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
1. Медиатордун статусун алуу укугуна талапкер адамдарды кесиптик даярдоо Медиаторлор палатасынын окуу борбору тарабынан, Медиаторлор палатасынын кеңеши бекиткен медиаторлорду кесиптик даярдоо стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Медиатордун статусун алуу үчүн Медиаторлор палатасынын окуу борборунда медиация боюнча 80 сааттан кем эмес көлөмдө базалык кесиптик даярдыктан өтүү зарыл, ал белгиленген үлгүдөгү сертификат менен тастыкталат. Сертификаттын жарактуу мөөнөтү берилген күндөн тартып үч жылды түзөт.
3. Медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу медиация борборлору тарабынан, Медиаторлор палатасынын кеңеши бекиткен медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Медиатор кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн Медиаторлор палатасынын окуу борборунда жыл сайын 16 сааттан кем эмес көлөмдө квалификациясын жогорулатуудан өтүүгө милдеттүү.
5. Медиаторлордун квалификациясын адистештирилген жогорулатуу медиация борборлору тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
22-берене. Медиация борбору
1. Эки жана андан көп медиаторлор жеке жана юридикалык жактарга медиациялык жардам көрсөтүү максатында медиация борборун уюштурууга укуктуу. Медиация борбору мүчөлүккө негизделген жана уставдын негизинде иштеген коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат.
2. Медиация борбору ал юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет. Мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ишин токтотууну каттоо, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине анын ишин токтотуу жөнүндө жазууну киргизүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Медиация борборунун уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) фирмалык аталышын жана юридикалык дарегин;
2) ишинин предметин жана максатын, башкаруу тартибин;
3) башкаруу органдарын жана ревизиялык органдарын, алардын компетенциясын, шайлоо жана чакыртып алуу тартибин, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилигин;
4) укуктарын жана милдеттерин, мүчөлүккө кабыл алуу жана андан чыгуу шарттарын жана тартибин;
5) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартибин;
6) жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартибин.
Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор медиация борборунун жогорку башкаруу органынын чечими боюнча киргизилет.
4. Уюштуруу, кайра уюштуруу, жоюу, филиалдарды түзүү же жабуу жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон башка маалыматтар тууралуу медиация борборунун аткаруу органы Медиаторлор палатасынын кеңеши бекиткен форма боюнча Медиаторлор палатасына билдирүү жиберет.
5. Медиация борбору медиаторлордун - аталган борбордун мүчөлөрүнүн ички реестрин жүргүзөт. Реестрдеги өзгөртүүлөр Медиаторлор палатасына 15 календардык күндүн ичинде билдирилүүгө тийиш.
Медиация борбору медиация жүргүзүү үчүн ишке өзүнүн медиаторлор реестрине кирбеген медиаторлорду келишимдин негизинде тартууга укуктуу. Медиатор бир эле убакта 5тен көп эмес медиация борбору менен келишимдин негизинде ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Медиация борборунун уюштуруучулары тарабынан салым катары киргизилген мүлк медиация борборуна менчик укугунда таандык болот. Медиация борборунун мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми медиация борбору өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
7. Медиация жүргүзүү үчүн орун жайга карата шарттар жана талаптар Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
8. Медиация борбору Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекетте, эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарында буга жол берилсе, филиалдарды түзүүгө укуктуу. Филиалда иштеген медиаторлор бул филиалды түзгөн медиация борборунун мүчөлөрү болуп саналат.
9. Медиация борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет.
10. Юридикалык жактардын (филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн) фирмалык аталыштарында "медиация борбору", "медиация", "медиатор" терминдерин же аны менен сөз айкалыштарын пайдаланууга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн медиация борборлору тарабынан гана жол берилет.
11. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда, медиация борбору медиатордун ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу алар алган кирешелер боюнча медиаторлордун - өзүнүн мүчөлөрүнүн салык агенти, ошондой эле ишеним артуучулар, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр жана уюштуруу документтеринде каралган башка маселелер боюнча алардын өкүлү болуп саналат.
12. Медиация жүргүзүү жөнүндө келишим медиатор менен медиациянын тараптарынын ортосунда түзүлөт жана медиация борборунун документ жүгүртүү тутумунда катталат.
13. Медиация борборунун башкаруу органы анын медиаторлору тарабынан көрсөтүлүүчү медиациялык жардамдын сапатына баа берүү жол-жобосун бекитет.
14. Медиация борбору жүргүзүлгөн медиациялар жөнүндө отчетту Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилген форма боюнча жана мөөнөттө Медиаторлор палатасына берет. Отчеттун толук эместиги, анык эместиги жана өз убагында эместиги үчүн медиация борборунун жетекчиси тартиптик жоопкерчилик тартат.
5-глава. Медиация жол-жобосу
23-берене. Медиация жүргүзүү тили
1. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүү процессинде колдонула турган тил жөнүндө өз ыктыяры боюнча макулдашууга укуктуу.
2. Медиациянын тараптары медиация жол-жобосун жүргүзүүнүн алкагында котормочуну тартууга укуктуу.
3. Медиациялык макулдашуу тараптардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүшү мүмкүн.
24-берене. Медиация жүргүзүү мөөнөттөрү
1. Медиация жүргүзүү мөөнөттөрү медиация жүргүзүү жөнүндө келишимде аныкталат жана 60 календардык күндөн ашпоого тийиш. Медиация жүргүзүү мөөнөтү медиациянын тараптарынын макулдашуусу боюнча, бирок 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
2. Соттук медиация 30 календардык күнгө чейинки мөөнөттө аяктоого тийиш. Тараптардын жана медиатордун өз ара макулдугу боюнча бул мөөнөт узартылышы, бирок 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
3. Кылмыш-жаза-укуктук укук мамилелеринен келип чыгуучу иштер боюнча медиация жүргүзүү мөөнөттөрү кылмыш-жаза-процессуалдык жана жаза аткаруу мыйзамдарында аныкталат.
25-берене. Медиация жүргүзүүнүн шарттары, тартиби жана формасы
1. Медиация жол-жобосу ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык таризделген, медиация жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөн учурдан тартып башталат. Келишим жазуу жүзүндө же электрондук формада, анын ичинде квалификацияланган электрондук колтамганы, же болбосо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте адамды идентификациялоону камсыз кылуучу башка ыкманы пайдалануу менен түзүлөт.
2. Медиация беттештирүү формасында же онлайн-медиация формасында төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) чыр-чатактын (талаш-тартыштын) ар кандай баскычында же аны болтурбоо максатында;
2) сотко кайрылганга чейин, соттук териштирүүнүн (соттук медиация), бейтарап териштирүүнүн жана аткаруу өндүрүшүнүн убагында, ошондой эле жазаны өтөө мезгилинде.
3. Тараптар медиацияга жеке өздөрү катышат. Эгерде тарабы болуп юридикалык жак саналса же болбосо ал жеке жактын мыйзамдуу өкүлү болуп саналса, өкүлдүн катышуусуна жол берилет. Ушул Мыйзамга ылайык тараптардын макулдугу менен медиация жол-жобосуна адвокаттар, котормочулар, адистер жана башка адамдар катыша алат.
4. Тараптар талаш-тартышты соттон тышкары же сотко чейинки жөнгө салуунун милдеттүү тартиби катары (медиациялык эскертме), анын ичинде ушул Мыйзамда каралган тартипте медиация жүргүзүү жөнүндө шартты келишимде караштырууга укуктуу.
5. Онлайн-медиация бардык тараптардын жана медиатордун ыктыярдуу макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
Колдонулуучу аянтча ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын санарип мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө, ошондой эле төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) купуялуулукту жана кошулуунун корголушун (өтмө шифрлөө же коргоонун санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү жокко чыгарган башка деңгээли);
2) жеке дайындарды жана маалыматтык коопсуздукту коргоо жөнүндө ченемдердин сакталышын;
3) тараптардын макулдугусуз бөтөн адамдардын катышуусун болтурбоону;
4) ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, онлайн-сессияны жаздырууга тыюу салынышын.
6. Онлайн-медиация башталганга чейин медиатор катышуучулардын өздүгүн жана алардын ыйгарым укуктарын ырастайт, тараптардын маалыматтарга бирдей жеткиликтүүлүгүн жана позициясын оозеки жана (же) жазуу түрүндө толук баяндоого мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
7. Техникалык мүчүлүштүк болгондо жол-жобону улантуунун жолун жана убактысын макулдашуу менен онлайн-медиацияны жүргүзүү токтотулуп турат. Мүчүлүштүктү жоюу мүмкүн болбогон учурда тараптар аны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык беттештирүү формасына же башка аянтчага которо алат.
8. Медиациянын (беттештирүү же онлайн) жүрүшүндө жетишилген макулдашуу ушул Мыйзамдын 29-беренесинде каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында таанылган квалификациялык электрондук колтамганы же болбосо башка ыкманы колдонуу менен жазуу жүзүндө же электрондук формада таризделет жана медиациялык макулдашуу күчүнө ээ болот.
9. Эгерде тараптар ар башка мамлекеттерде болсо, онлайн-медиация эл аралык келишимдердин ченемдерин жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталган, колдонулуучу укукту эске алуу менен жүргүзүлөт.
26-берене. Медиаторду тандоо
1. Медиация жүргүзүү үчүн тараптар өз ара макулдашуу боюнча медиация борборун же медиаторду (медиаторлорду) тандайт.
2. Медиатор ушул беренеге ылайык ал шайланганга же дайындалганга чейин анын көз карандысыздыгына жана калыстыгына таасир этиши мүмкүн болгон жагдайлар болгон учурда, тараптарга жана өзү мүчө болгон медиация борборуна бул жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
3. Медиатор тараптарга башка кесиптик кызматтарды же жардамды көрсөткөн талаш-тартыш (чыр-чатак) боюнча медиация жүргүзө албайт.
27-берене. Медиациялык маалыматтык жолугушуу
1. Медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек талаш-тартыштарынын бардык категориялары боюнча жүргүзүлөт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн жана жазаларды аткарууда келип чыгуучу талаш-тартыштар боюнча медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу тараптар өз алдынча элдеше албаган учурда жүргүзүлөт.
2. Медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу тараптар медиаторго кайрылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Кылмыш иштери боюнча медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу тараптар медиаторго кайрылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
3. Медиатордун чакыруусу боюнча тарап медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө милдеттүү. Медиатор талаш-тартыштын (чыр-чатактын) экинчи тарабына жеткиликтүү байланыш каналдары аркылуу медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүнүн зарылдыгы жөнүндө 3 жолудан көп эмес кабарлайт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда медиациялык маалыматтык жолугушууга мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, аксакалдар соту, судьялар, арбитрлер, тергөөчү, жаза аткаруу системасынын, пробациянын же ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан жиберилгенде талаш-тартыштын же кылмыш ишинин тараптары медиатор менен маалыматтык жолугушууга келүүгө милдеттүү.
5. Маалыматтык жолугушууну өткөрүү учурунда медиатор:
1) талаш-тартыштын тараптарына медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт;
2) тараптар талаш-тартышты медиациянын алкагында жөнгө салууга макул болгон учурда медиацияны колдонуу жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүлөр бекитилет:
1) сотко чейинки медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары;
2) шектүү жана жабырлануучу аныкталган жана тараптар өз алдынча элдеше албаган шартта, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки стадиясында медиациялык милдеттүү маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеги;
3) сотко чейинки медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушууну өткөрүү тартиби, ошондой эле жарандардын медиациялык жардамга жетүү укугун камсыз кылуу максатында субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн механизми.
Көңүл буруңуздар! Берилген берененин 6-бөлүгү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
7. Медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкатты берүү тартиби Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан аныкталат. Маалымкат кагаз түрүндөгү документке маанилеш электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
28-берене. Медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин формасы жана мазмуну
1. Тараптар талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууга өз ара макул болгон учурда медиацияны жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим түзүлөт.
2. Медиацияны жүргүзүү жөнүндө келишимде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) келишим түзүлгөн дата жана жер;
2) талаш-тартыштын тараптарынын фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы;
3) талаш-тартыштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы, алардын ыйгарым укуктарын ырастаган документтеринин маалым-даректерин көрсөтүү менен;
4) медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты, атасынын аты;
5) талаш-тартыштын предмети;
6) медиация жүргүзүү тили;
7) медиация жүргүзүүнүн купуялуулугу жана мындай милдеттенмени аткарбай коюунун кесепеттери жөнүндө тараптардын макулдашуусу;
8) медиация жол-жобосу жүргүзүлүүчү жер, анын катышуучулары;
9) медиация жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды төлөө шарттары жана тартиби, ошондой эле медиатордун жардамына акы төлөөнүн өлчөмү;
10) медиацияны жүргүзүү мөөнөтү;
11) медиацияны жүргүзүү тартиби.
29-берене. Медиациялык макулдашуу
1. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүү жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча жазуу жүзүндө медиациялык макулдашууну түзүшөт.
2. Медиациялык макулдашууда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) макулдашуу түзүлгөн дата жана жер;
2) талаш-тартыштын тараптарынын фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы;
3) талаш-тартыштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы, алардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин маалым-даректерин көрсөтүү менен;
4) талаш-тартыштын предметинин сыпаттамасы;
5) медиация жол-жобосун жүргүзүүгө катышкан медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты, атасынын аты;
6) макулдашуунун шарттары, аларды аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү жана аларды аткарбай коюунун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери;
7) ушул Мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбеген башка шарттар.
3. Медиациялык макулдашуу тараптардын каалоосу боюнча нотариус же нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
4. Милдеттүү катталууга тийиш болгон объекттерге менчик укугунун өтүшүн камтыган медиациялык макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт жана укук белгилөөчү документ болуп саналат.
30-берене. Медиацияны аяктоо
1. Медиация процесси төмөнкүдөй учурларда аякталды деп эсептелет:
1) эгерде тараптар талаш-тартыштын өз ара макулдашуу менен аякталгандыгына байланыштуу жазуу жүзүндөгү макулдашууга келишсе - тараптар макулдашууга кол койгон күндөн тартып;
2) медиатор талаш-тартышты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жагдайларды аныктаганда - тараптар макулдашууга кол койгон күндөн тартып;
3) талаш-тартышты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигине байланыштуу медиатор медиациядан жазуу жүзүндө негиздүү баш тартканда - медиатор жазуу жүзүндө баш тартууга кол койгон күндөн тартып;
4) талаш-тартышты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигине байланыштуу бир, бир нече же бардык тарап медиациядан жазуу жүзүндө баш тартканда - тараптардын бири же тараптар жазуу жүзүндөгү баш тартууга кол койгон күндөн тартып;
5) медиация жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндө - ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен бул мөөнөт бүткөн күндөн тартып;
6) жеке жак болуп саналган бир тарап каза болгондо же юридикалык жак болуп саналган бир тарап жоюлганда - каза болгон күндөн же юридикалык жактын ишин токтотуу катталган күндөн тартып.
2. Медиатор ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык медиациялык макулдашууну түзүүнү камсыз кылат.
3. Аткаруу аракеттери анын негизинде жасалуучу медиациялык макулдашуу түшүнүксүз болгон учурда медиатор түшүндүрмө берет. Медиатор тарабынан түшүндүрмө берүүнүн формасын жана тартибин Медиаторлор палатасынын кеңеши белгилейт.
Медиациялык макулдашууну түзгөн медиатор тарабынан түшүндүрмө берүү мүмкүн болбогон учурда Медиаторлор палатасынын кеңеши түшүндүрмө берет.
31-берене. Медиация жүргүзүү боюнча акы төлөө
1. Медиация медиаторлор тарабынан акы төлөнүүчү же акысыз негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Медиация жүргүзүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү, шарттары жана тартиби, эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, медиация жүргүзүү жөнүндө келишимде аныкталат.
32-берене. Медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү үчүн акы төлөө
1. Медиациялык маалыматтык жолугушууга сот тарабынан жиберилген учурда медиациялык маалыматтык жолугушуу акысыз өткөрүлөт.
2. Медиациялык маалыматтык жолугушууга мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, аксакалдар соту, арбитр, тергөөчү, жаза аткаруу системасынын, пробация же ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан жиберилген учурларда медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү үчүн акы төлөөнү чыр-чатактын (талаш-тартыштын) эки тарабы тең жүргүзөт.
3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардамды алууга укугу бар адамдар үчүн медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүүгө жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиатор тарабынан медиациялык жардам көрсөтүүгө акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
33-берене. Медиациялык макулдашууну аткаруу
1. Медиациянын тараптары медиациялык макулдашууну аткарууга милдеттүү.
2. Медиациялык макулдашууну мажбурлап аткаруу аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
3. Медиациялык макулдашуунун негизинде сот же бейтарап сот процессуалдык мыйзамдарга же бейтарап соттун колдонулуучу эрежелерине ылайык элдешүү келишимин беките алат.
34-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү жана жазаларды аткаруудагы медиация
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү жана жазаларды аткаруудагы медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Медиациянын тараптары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жабырлануучу;
2) кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу;
3) кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарында каралган учурларда, соттолгон, жазасын өтөп жаткан.
3. Макулдашууга жетише албаган учурда медиацияга катышуу фактысы айыптоодон баш тартуу, күнөөнү моюнга алуу же тараптардын процессуалдык укуктарын чектөө үчүн негиз катары каралышы мүмкүн эмес.
4. Тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун жана пробация органынын кызматкери, ошондой эле тараптардын биринин кызыкчылыктарын жактаган адвокат медиатор катары чыга албайт.
35-берене. Медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна күнөөлүү адамдар мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тартышат.
6-глава. Өткөөл жоболор
36-берене. Өткөөл жоболор
1. Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 27-берененин 6-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги медиаторлордун катышуусу менен уюштуруу комитетин түзсүн жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Медиаторлордун съездин өткөрсүн.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төрт айдын ичинде бүткүл республика боюнча юридикалык жак катары өз ишин жүзөгө ашырган медиаторлор ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жоюлууга, же болбосо фирмалык аталышын өзгөртүү менен мамлекеттик кайра каттоодон, же болбосо медиация борбору формасында кайра уюштуруудан өтүүгө тийиш.
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген медиаторлордун күбөлүктөрү юридикалык күчүн сактайт деп белгиленсин.
5. Медиаторлордун күбөлүктөрү бар адамдар Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына мүчө болуп кирүүгө милдеттүү.
6. Медиаторлор палатасынын кеңешинин үч мүчөсү Медиаторлор палатасы уюштурулган датадан тартып алгачкы алты жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан юстиция тутумунун кызматкерлеринин ичинен көрсөтүлөт. Мында алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана Медиаторлор палатасынын кеңешинде иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
7. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2017-жылдын 28-июлу, № 161 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 763-ст.);
- "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2023-жылдын 8-августу, № 166 ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65).
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |