Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-февралындагы № 15
Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун социалдык пакетке сунуштоо жөнүндө
Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы К.Б.Нуриевдин 06.12.2023-жылдагы №01-18/985 чыгыш сандуу кошмо отряд өздүк курамындагы 30 (отуз) кызматкерди атайын аскер формасы менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы К.Б.Нуриевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курам арасынан түзүлгөн 30 (отуз) кызматкерге атайын аскер формаларын алууга 781 500 (жети жүз сексен бир миң беш жүз ) сом акча каражатын бөлүп берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык пакетине сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |