КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы
2023-жылдын 14-февралындагы № 16
Ультра толкунду изилдөө боюнча дарыгер А.Джунусбаевдин батиринин ижара акысын төлөө жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору М.Исмаиловдун 27.01.2023-жылы №01-12/01 чыгыш сандуу жалпы дарыгерлик практикалык борборунун ультра толкунду изилдөө дарыгери А.Джунусбаевдин батиринин ижара акысын төлөө боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору М.Исмаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун ультра толкунду изилдөө дарыгери Афтандил Джунусбаевдин убактылуу жашап жаткан батиринин ижара акысына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |