Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы

 

 

2023-жылдын 14-февралындагы № 19

“Айчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылуулук системасын оңдоого долбоор смета даярдоо жөнүндө

“Айчубак”мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору М.Өнөрбаеванын 09.02.2023-жылдагы №01-14/8 чыгыш сандуу бала бакчага тиешелүү бардык имараттардын жылуулук системасын оңдотууга долбоор сметасын жасап акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXIV сессиясы

 

Т о к т о м к ы л а т :

 

1. “Айчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору М.Өнөрбаеванын 09.02.2023-жылдагы №01-14/8 чыгыш кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги “Айчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун бардык имараттарынын жылуулук системасын бир жерге бириктирип оңдоого долбоор сметасы даярдалсын, долбоор сметада көрсөтүлгөн акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Аликеев