КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясы
2023-жылдын 14-февралындагы № 28
“Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген уюмга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.02.2023-жылдагы №01-19/91 чыгыш сандуу кайрылуусун жана “Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген уюмдун директору Н.И.Мизановдун 09.02.2023-жылдагы №122 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасынан 6,98га жер аянтын келишимдин негизинде чакан ГЭС куруу үчүн бөлүп берүү боюнча жазылган кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабекодун жана “Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген уюмдун директорунун Н.И.Мизановдун кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш участкасындагы 6,98га жер аянты “Кыргыз Энерго” жоопкерчилиги чектелген уюмга келишимдин негизинде, Чандалаш дарыясындагы сууга чакан ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. ГЭС куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүдө мыйзамдулуугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |