Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 1
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын каттоодон өткөрүү боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын каттоодон өткөрүү эске алынсын.
2. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Каныш-Кыя айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Каныш-Кыя айыл аймагында аткарылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары У.Качканаковго тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |