Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 8
Жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардан ден соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т о к т о м к ы л а т:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардан ден соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык кеңеши тарабынан 2022-жылы аткарылуучу жумуштарга бөлүнгөн жана Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилбей калган 26 794 466 (жыйырма алты миллион жети жүз токсон төрт миң төрт жүз алтымыш алты) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардан ден соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу акчалай жардам сурап кайрылган тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга жалпы 555 000 (беш жүз элүү беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |