Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 9
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жаткан мед кызматкерлерге, билим берүү тармагындагы улуу муун мугалимдерге жаңы-жылдык белектерди берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т о к т о м к ы л а т:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жаткан мед кызматкерлерге, билим берүү тармагындагы улуу муун мугалимдерге жаңы-жылдык белектерди берүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык кеңеши тарабынан 2022-жылы аткарылуучу жумуштарга бөлүнгөн жана Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилбей калган 26 794 466 (жыйырма алты миллион жети жүз токсон төрт миң төрт жүз алтымыш алты) сом акча каражатынан; Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жаткан мед кызматкерлерге, билим берүү тармагындагы улуу муун мугалимдерге жаңы-жылдык белектерди берүү үчүн 60 000( алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |