Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 13-21-7 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 27-октябры № 7
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупция тобокелдигин азайтуу жана ак ниет башкаруу принциптерин ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жетекчилерине:
- бекитилген тизме эске алынсын жана өз ишинде жетекчиликке алынсын;
- өз компетенциясынын чегинде тизмеде аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана четтетүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмүнө:
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланган.
Директордун орун басары |
| К.Т. Төлөгөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 27 октябры №7 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдардын
ТИЗМЕСИ
п/п | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары. | Коррупция коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппарат, аймактык же ведомстволук бөлүм, мекеме) | Коррупция коркунучунда турган кызматтар | Башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында/бийликтерде коррупциялык тобокелдиктер болушу мүмкүнбү (болсо, кайсынысын көрсөтүңүз) |
Уруксат берүү жана каттоо функциялары | |||||||
1 | КРАЭ “Авиацияны күйүүчү май менен камсыздоо” (АПКР “Авиатопливообеспечение”) шайкештик сертификатын берүү | Белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда күбөлүк берүү, бузуулар аныкталган учурда жокко чыгарууну кечиктирүү | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
2 | Учууга жарактуулугун сертификатын берүү | Аба кемеси коопсуз учууларды аткара албаган учурда документ берүү | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
3 | Аэродромдун жарактуулугу жөнүндө күбөлүк берүү | Аэродром белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда күбөлүк берүү | Потенциалдуу | Орто | Жарандык авиациянын аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
4 | Аэродромдун айланасында курууга уруксат берүү | Оң чечимди тездетүү же кабыл алуу үчүн расмий эмес пайда алуу максатында куруучуларга кысым көрсөтүү мүмкүнчүлүгү;
Маалыматтарды алмаштыруу же бурмалоо (имараттын бийиктиги, учуу жолдоруна салыштырмалуу жайгашкан жери);
Кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Төмөн | Жарандык авиациянын аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү | Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү | Жарандык авиацияда |
5 | Эксплуатанттын сертификатын берүү | Юридикалык жакка аба кемесин колдонууга, техникалык эксплуатациялоого жана учуу иштерин камсыз кылууга белгиленген талаптарга жооп бербеген учурда документти берүү. | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
6 | Аба кемесин каттоо күбөлүгүн берүү | Талаптарга ылайык келбеген учурда аба кемесин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизүүнү ырастоочу документти берүү | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
7 | Аба кемелеринин жабдууларын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмга шайкештик сертификатын берүү | Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына авиациялык техникалык тейлөө уюмунун ылайык келишин ырастаган жана жарандык аба кемелеринин реестринде катталган аба кемелерине белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда бул техникалык тейлөө уюмдарында техникалык тейлөө жүргүзүүгө уруксат берүүчү документти берүү | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
8 | Квалификациялык белгилерди берүү | Белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн колдонуу мөөнөтүн узартуу | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын авиациялык пероналдарды тастыктамалоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
9 | Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналына күбөлүктөрдү берүү | Белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү | Кырдаалдык | Орто | Жарандык авиациянын авиациялык пероналдарды тастыктамалоо башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери | Жарандык авиацияда |
Ички функциялар | |||||||
10 | Бухгалтердик эсепти жана статистикалык эсепти уюштуруу жана жүргүзүү | - бухгалтердик эсепти атайылап бурмалоо;
- финансылык ресурстар жана кирешелер жөнүндө маалыматты жашыруу же атайылап жалган маалымат берүү;
- каражаттарды уурдоо | Кырдаалдык | Орто | Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү | Башчысы жана адистер | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
11 | Финансылык ресурстарды жана пайданы, товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүү жана аларды эсептен чыгаруу | - мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана максатсыз пайдалануу;
- финансылык ресурстар жана кирешелер жөнүндө маалыматтарды бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган берүү;
- товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу | Потенциалдуу | Төмөн | Структуралык жана ведовстволук бөлүмдөр;
- Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү
- Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү - производственно-хозяйственный отдел | - Начальник жана кызматкерлер
- Башчысы жана адистер
- Башчысы жана адистер
- технический обслуживающий персонал
- ведущий специалист | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
12 | Техникалык колдоо | - пайдасыз келишимдерди атайылап түзүү жана сапатсыз адистештирилген жабдууларды жана техникалык каражаттарды жогорулатылган баада, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу | Кырдаалдык | Орто | - Материалдык жабдуу жана сатып алуу бөлүмү
- Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү; - учууларды радиотехникалык колдоо кызматы;
- аба кыймылын уюштуруу бөлүмү;
- метереологиялык камсыздоо бөлүмү | - Башчылары;
- Жетектөөчү адистер жана адистер;
- Жетектөөчү инженерлер, инженерлер | Бул тобокелдик атайын жабдууларды жана техникалык каражаттарды, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштү талап кылган мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
13 | Объектилерди, имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо, куруу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана эксплуатациялоо | - объекттерди, имараттарды жана курулмаларды курууну, капиталдык оңдоону, реконструкциялоону, калыбына келтирүүнү жана эксплуатациялоону негизсиз пландаштыруу;
- "объекттерди, имараттарды жана курулмаларды куруу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана эксплуатациялоо" беренеси боюнча каржылоонун көлөмүн атайылап ашыра көрсөтүү
- курулуштун жана башка жумуштардын убагында жана андан кийин подряддык уюмдар менен өз ара эсептешүүнүн тартибин алдын ала макулдашуу боюнча бузуу | Потенциалдуу | Орто | - өндүрүштүк-чарба бөлүм;
- материалдык жабдуу жана сатып алуу бөлүмү;
- аймактык бөлүмдөр;
- финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү;
-
| - Башчылары;
- Жетектөөчү адистер жана адистер;
- Жетектөөчү инженерлер, инженерлер | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
14 | Зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү | - кызыкчылыктардын кагылышы;
- ишкананын керектөөлөрүн эсепке албай, сатып алууларды пландаштыруу;
- сатып алуулар боюнча чечимдерди кабыл алган кызматкерлер тарабынан пара алуу;
- кардар тараптан товар же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алган адамдарды сатып алуу;
- акча же анын эквиваленти үчүн үчүнчү жактарга жабык маалыматты (баалар, кардарлар базасы, учурдагы келишимдердин шарттары, маалыматтык системага уруксатсыз кирүү) берүү;
- ишкананын материалдык ресурстарын жеке пайда же байытуу максатында пайдалануу;
- чечим кабыл алуу процессинде, анын ичинде конкурстук документтерди даярдоодо атайылап создуктуруу;
- жеткирүүчүлөр сунуштаган келишим шарттарын кабыл алуу жана мыйзамда же конкурстук документтердин өзгөчө шарттарында каралган милдеттүү пункттарды камтыбаган келишимдерди түзүү;
- жеткирилип жаткан товарлардын сапатын көзөмөлдөөнүн тийиштүү тутумунун жоктугу | Кырдаалдык | Орто | - сатып алуулар боюнча административдик-чарба иштеринин башчысы;
- финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү;
- сатып алуулар боюнча административдик-чарба иштеринин башчысы
- учуулардын радиотехникалык камсыздоо кызматы;
- чарба башчысы;
- укуктук камсыздоо бөлүмү;
- сатып алуулар боюнча тендердик комиссия. | - адис;
- жетектөөчү адистер, адистер;
- сатып алуулар боюнча тендердик комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
15 | Кадрларды кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо, конкурстар, аттестациялоо | - мыйзам талаптарына жооп бербеген талапкерлерди жумушка алуу;
- персоналды кабыл алуу, дайындоо, которуу, кызмат боюнча илгерилетүү жана ротация учурунда белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын сүрөө;
- мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү (протекционизм) жана конкурстар менен аттестациялардын жыйынтыктарына таасир этүү аркылуу белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын сүрөө. | Кырдаалдык | Орто | - кадрлар бөлүмү;
- структуралык жана ведомстволук бөлүмдөр;
- конкурстук (аттестациялык) комиссия
| - башчы;
- башчылары;
- Конкурстук (аттестациялык) комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
Тергөө функциялары | |||||||
16 | Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын, кырсыктардын, өндүрүштөгү кырсык учурларынын жана мамлекеттик мүлккө зыян келтирүүнүн себептерин иликтөө | - кызыкчылыктардын кагылышы;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу себептерин иликтөө жана чыныгы себептерин аныктоо учурунда жашыруу же атайылап создуктуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында келтирилген зыянды жашыруу;
- мамлекеттик мүлккө келтирилген зыянды жашыруу. | Потенциалдуу | Төмөн | - эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана жарандык коргонуу сектору;
- структуралык жана ведомстволук бөлүмдөр;
- өзгөчө кырдаалдарды иликтөө боюнча комиссия. | - сектордун жетекчиси жана адиси;
- бөлүмдөрдүн начальниктери;
- комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
17 | Авиациялык окуяларды иликтөөгө катышуу | - кызыкчылыктардын кагылышы; - авиациялык окуяларга катышкан тараптардын биринин кызыкчылыктарын лоббилөө; - авиациялык окуяларды иликтөөгө катышкан кызыкдар тараптарды сатып алуу.
| Кырдаалдык | Төмөн | - структуралык жана ведомстволук бөлүмдөр;
- учуу коопсуздугун башкаруу системасы бөлүмү. | - авиациялык окуяларды иликтөө боюнча комиссиянын курамына кирген тиешелүү структуралык аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү;
- учуу коопсуздугун башкаруу системасы бөлүмүнүн начальниги жана инспекторлору. | Мамлекеттер аралык авиация комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, “Кыргызстан аэропорттору” ААК, авиакомпаниялар |
Ченем жаратуу функциялары | |||||||
18 | Жергиликтүү нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана юридикалык экспертизадан өткөрүү | - жергиликтүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу учурунда кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Төмөн | - укуктук камсыздоо бөлүмү
- структуралык бөлүмдөр | - башчы;
- башкы адис;
- жетектөөчү адис; - адис. | Бул тобокелдик ченем жаратуучулук ишин жүргүзгөн бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |