Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 1

Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларына керектүү запастык бөлүктөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 3-пунктунда Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларына керектелүүчү запастык бөлүктөрүнө жана майлоочу майларына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 3-пунктундагы кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларына керектелүүчү запастык бөлүктөрүнө жана майлоочу майларына 2023-жылга жалпысынан 1 911 400 (бир миллион тогуз жүз он бир миң төрт жүз) сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн акча каражатынан 25121100 беренеси боюнча субсидия бөлүнүп берилсин .

 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаев, жана Каныш Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М.Аликеев