Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 10-октябры № 281
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатындагы "Мейкин" сый акысынын беделин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1, 2, 4-пункттарда "жыл сайын" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1, 16-пункттарда "жыл сайын" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Сый акы эки жылда бир жолу ыйгарылат. Конкурска катышууга мурдагы конкурстун жеңүүчүсү жарыяланган күндөн тартып бир жарым жылдын ичинде жарыяланган материалдар кабыл алынат.";
- 13-пунктта "1-октябрга чейин" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктта ", спорт" деген сөздөр алып салынсын;
-19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Комиссия эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |