КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 4
Үрөөндөрдү алып келүү боюнча
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 5-пунктунда Каныш-Кыя айыл аймагындагы жазгы айдап себүүгө Бишкек шаарынан алып келүүчү үрөөндөрдү (буудай, арпа) ташып келүү үчүн жол чыгымына акча каражатын которуп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 30.03.2023-жылдын №01-19/207 чыгыш сандуу 5-пунктундагы кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы дыйкандарды жазгы талаа жумуштарына керек болгон үрөөндөрдү ташып келүүдө жол акысын төлөп берүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна которулуп берилсин .Жол киреси 8(сегиз) сомдон ашпасын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Аликеев |