Редакцияот 24.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезекcиз   XVIII  ссессиясы

 

  2025-жылдын  24-октябры №7

 

«Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»

 

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6661 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.         Манас шаарын облусттук маанидеги шаар статусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.      Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

 

Болотов Н.Б.