Загрузка документа…
Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 257
Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., №1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Тараптар медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө милдеттүү.";
2) 106-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо, арыз же даттануу берген адам тиешелүү сот инстанциясында төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Бул учурда арызга же даттанууга талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети жөнүндө өтүнүч тиркелет.";
3) 108-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту "1-5," деген цифралардан кийин "71," деген цифралар менен толукталсын;
4) 135-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо, төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч;";
5) 138-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн доогер тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;";
6) 222-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) доогер милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууга келбесе;";
7) 325-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч апелляциялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.";
8) 329-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;";
9) 354-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч кассациялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.";
10) 357-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;".
2-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
160-берененин 2-бөлүгү "залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү," деген сөздөрдөн кийин "медиациялык макулдашууну түзүү," деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту "жабырлануучу айыпталуучу менен" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде медиатордун жардамы менен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 40-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";
3) 44-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) тергөөчү же сот жибергенде, медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө;";
4) 55-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пункту "медиатор" деген сөздөн кийин ", медиация борборлорунун кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 80-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 72-пункт менен толукталсын:
"72) медиациялык маалыматтык жолугушууда же медиация өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар;";
6) 153-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) тараптар өз алдынча элдешкен учурларды кошпогондо, аларды медиациялык маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;";
7) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тергөөчү же сот тараптардын жарашуусунун, анын ичинде медиатордун жардамы менен жарашуусунун негизинде ишти токтотуп, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарышат.".
5-берене.
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-августу, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк "квалификациялуу юридикалык жардам" деген сөздөрдөн кийин ", медиациялык жардам" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардам көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
6-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) медиациялык макулдашуулар, эгерде алар нотариалдык жактан ырасталган болсо;".
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 241-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кызматкер өзүнүн тандоосу боюнча эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуунун милдеттүү сотко чейинки тартибин сактоодо түздөн-түз сотко кайрыла алат.";
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 243-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Медиация аркылуу эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн өтүшү медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат.".
8-берене.
Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-ноябрында № 91 (3747) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |