Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 258
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 128-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Чарбалык коомдор чет өлкөлүк юридикалык жактын түздөн-түз же кыйыр контролунда болбогон шартта жоопкерчилиги чектелген коомдун жалгыз уюштуруучусу (акционери) катары бир жактан турган башка чарбалык коому болушу мүмкүн.
Уюштуруучусу мамлекеттик жана муниципалдык органдар болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор төмөнкүлөрдүн милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат:
- жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун;
- жалгыз катышуучулары катары ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун же жалгыз катышуучулары катары бир жактан турган чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун тиешелүү чынжырчасындагы кийинки чарбалык коомдордун.
Эгерде бир катышуучудан турган чарбалык коомдордун ээлик кылуу чынжырчасынын жол берилген максималдуу тереңдиги ашып кетсе, жалгыз уюштуруучусу катары чарбалык коом болуп саналган чарбалык коомду каттоого тыюу салынат.
Жалгыз катышуучусу бар чарбалык коом болуп саналган жалгыз уюштуруучусу бар чарбалык коомдордун чынжырчасынын максималдуу тереңдиги акыркы чарбалык коомду кошкондо үч деңгээлден ашпоого тийиш.»;
2) 143-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Уюштуруучусу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме же ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшүнө ээ башка юридикалык жак болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө:
1) калк жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн арасында ушул Мыйзамды колдонуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
3) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 25-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |