Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын түзүү жана колдонуу тартибин аныктайт.
2. Фонд Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, санариптик трансформациялоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине (мындан ары - Министрлик) жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды үзгүлтүксүз жана талаптагыдай аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында өзүнчө алыш-бериш эсеби түрүндө түзүлөт.
2-глава. Фондду түзүү булактары
3. Фондду түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн (телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү боюнча) берүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндөгү байланыш тармагын (телекоммуникациялык тармакты) өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдөн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн финансылык каражаттар;
2) почта байланыш кызмат көрсөтүүчүлөрүн берүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндөгү байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдөн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 40 пайызы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыктыярдуу кайрымдуулуктар.
3-глава. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Электр байланыш (телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү боюнча) жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын (телекоммуникациялык тармакты) өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдүн чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлүүчү Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
1) байланыш тармагын (телекоммуникациялык тармакты) - 40 пайыз:
- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө;
- байланыш чөйрөсүндөгү илимий-техникалык, инновациялык ишти финансылык камсыз кылууга, анын ичинде стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
- Министрликтин кызматкерлерин окутууга, стажировкага жана квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде байланыш жаатындагы конференцияларга, семинарларга катышууга;
- Министрликтин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, ошондой эле натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алууга;
- расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, форумдарды уюштурууга жана өткөрүүгө жана башка өкүлчүлүк чыгымдарга;
- Министрликтин жамааттык келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарууга;
2) санариптештирүү - 60 пайыз:
- санариптештирүү жана санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү илимий-техникалык, инновациялык ишти финансылык камсыз кылууга, анын ичинде стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү боюнча илимий- изилдөө иштерине акы төлөөгө;
- Министрликтин кызматкерлерин окутууга, стажировкага жана квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы конференцияларга, семинарларга катышууга;
- Министрликтин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алууга;
- расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, форумдарды уюштурууга жана өткөрүүгө жана башка өкүлчүлүк чыгымдарга;
- Министрликтин жамааттык келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарууга.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлүүчү Фонддун каражаттары ушул Жобонун 3-главасында каралган бардык багыттар үчүн пайдаланылат, анын ичинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна багытталышы мүмкүн.
6. Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча конкреттүү багыттарды Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри белгилейт жана бекитет.
4-глава. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
7. Байланыш тармагын (телекоммуникациялык тармакты) өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдөн электр байланыш (телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү боюнча) жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүдөн түшкөн 0,9 пайыз өлчөмүндөгү каражаттар республикалык бюджетке которулат жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын аккумуляциялык эсебинде эсепке алынат.
8. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте иш жүзүндө келип түшкөн финансылык каражаттарды эсепке алуу үчүн ай сайын кийинки айдын 5ине чейин салыштыруу актысын түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги салыштыруу актысынын негизинде иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардан финансылык каражаттарды отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ай сайын Фондго жиберет.
10. Фонддун каражаттарын чыгымдоо чыгашалардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Фонддун каражаттарын тескөөчү жана пайдаланууга жооптуу адам болуп Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри эсептелет.
12. Министрликтин финансы бөлүмү белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттарга ылайык Фонддун каражаттарынын түзүлүшүн (түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну, максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат жана бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.