Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4- ноябрындагы № 716 токтомуна тиркеме
|
1. Киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм (мындан ары – ӨМИ) объекттеринин жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине кирбеген,
50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбалык коомдордун маалыматтык инфратүзүм объекттеринин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык инфратүзүм (мындан ары – ММИ) объекттеринин киберкоопсуздугуна ички, мамлекеттик жана көз карандысыз аудит жүргүзүү тартибин белгилейт.
Зарыл болгон учурда документтердин электрондук вариантын тиркөө менен кагаз жүзүндө гана жиберилүүчү ички жана көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчетторду, киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу актыларды жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка документтерди кошпогондо, ушул Тартипте каралган документтер электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жиберилет (ал жок болсо документтердин электрондук вариантын тиркөө менен кагаз жүзүндө жүргүзүлөт).
2. Киберкоопсуздукка ички аудит ӨМИ жана ММИ субъекттери тарабынан алардын уюштуруу-тескөөчү документтерине ылайык киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана стандарттарга шайкештигине жылына бир жолудан кем эмес өз алдынча ӨМИ жана МИИ объекттеринде милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
Киберкоопсуздукка ички аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттун нускасы киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ӨМИ субъекттери, ал эми санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ММИ субъекттери тарабынан жиберилет.
3. Киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар):
– ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугуна мамлекеттик аудит жүргүзүүчү киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна мамлекеттик аудит жүргүзүүчү санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана стандарттардын талаптарынын шайкештигине жүргүзүлөт.
ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит жүргүзүү жөнүндө чечим ӨМИ жана ММИ субьекттери тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
ӨМИ жана ММИ объекттеринде киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча ишти жүргүзүүчү аккредитацияланган юридикалык жактар тарабынан юридикалык жактын ички актысы менен бекитилген киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү методикасына ылайык жүргүзүлөт.
ӨМИ же ММИ субъекттери киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, алар киберкоопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча ишти жүргүзүүгө тартылган аккредитацияланган юридикалык жактын аталышын көрсөтүү менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине кабарлама жиберет.
ӨМИ жана ММИ объекттеринин киберкоопсуздугуна көз карандысыз аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттун нускасы ӨМИ жана ММИ субъекттери тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет.
5. Мамлекеттик аудит киберкоопсуздуктун пландуу мамлекеттик аудитине (мындан ары – пландуу аудит) жана киберкоопсуздуктун пландан тышкары мамлекеттик аудитине (мындан ары – пландан тышкары аудит) бөлүнөт, аларды жүргүзүү мөөнөтү пландуу жана пландан тышкары аудиттердин актыларында белгиленүүчү иш жүзүндө аудит жүргүзүү башталган датадан тартып отуз жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттү түзөт.
Ар түрдүү административдик-аймактык бирдиктерде жайгашкан бир эле ӨМИ субъектине таандык бир нече ӨМИ объектине карата мамлекеттик аудит жүргүзүлгөн учурда ар бир ӨМИ объекти боюнча жүргүзүү мөөнөтү өзүнчө белгиленет.
Киберкоопсуздукка ички жана көз карандысыз мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттор, ошондой эле киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу актылар жеткиликтүүлүгү чектелген документтер болуп саналат жана ачык жайылтылбайт.
6. Пландуу аудиттин максаты ӨМИ жана ММИ субъекттеринин киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарга шайкештигин баалоо болуп саналат.
ӨМИ объекттерине пландуу аудит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 716 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияга бөлүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтому менен белгиленген тартипте ыйгарылуучу алардын маанилүүлүккатегориясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Биринчи категориядагы объекттерге эки жылда бир жолудан кем эмес, экинчи категориядагыларга үч жылда бир жолудан кем эмес, үчүнчү категориядагыларга төрт жылда бир жолудан кем эмес артыкчылыктарга жана жеткиликтүү ресурстарга жараша мөөнөттөрүн оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүгү менен текшерүү жүргүзүлөт.
ММИ объекттерине пландуу аудит алардын маанилүүлүгүнө жараша ММИ объекттерине аудит жүргүзүү боюнча ар жылдык
планга ылайык жүргүзүлөт.
7. Пландуу аудит жүргүзүүнүн ар жылдык планы пландуу текшерүү жүргүзүлгөн мурдагы жылдын аягына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет.
8. Пландуу аудит жүргүзүүнүн ар жылдык планы төмөнкүдөй маалыматты камтыйт:
1) ӨМИ жана ММИ субъекттери жана объекттери жөнүндө маалыматтар;
2) акыркы пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүү датасы жана мезгили;
3) акыркы пландуу жана пландан тышкары аудиттин жыйынтыгы.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аудит жүргүзүү башталганга чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен пландуу аудит жүргүзүү жөнүндө ӨМИ жана ММИ субъекттерине кабарлайт.
10. Маалыматтык инфратүзүм субъекти маалыматтык инфратүзүм объектин ӨМИ объектине кошуу жөнүндө кабарламаны алган күндөн тартып бир жылдын өтүшү жана ага тиешелүү маанилүүлүк категориясын ыйгаруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пландуу аудит жүргүзүүнүн бекитилген ар жылдык планында ӨМИ субъектинин болушу ӨМИ объекттерине пландуу аудитти жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пландуу аудит жүргүзүүнүн бекитилген ар жылдык планында ММИ субъектинин болушу ММИ объекттерине пландуу аудит жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
12. Пландан тышкары аудиттин максаты ӨМИ жана ММИ субъекттеринин киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарга шайкештигин баалоо, ошондой эле ӨМИ жана ММИ субъекттери тарабынан пландуу жана пландан тышкары аудиттин жыйынтыгы жөнүндө корутундулардын (мындан ары – корутунду), киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптардын мурда аныкталган бузууларын жоюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын (мындан ары – жазма буйрук) аткарылышын жана ӨМИ объектинде кибержаңжалдын келип чыгышын контролдоо болуп саналат.
13. ӨМИ объекттерине пландан тышкары аудит жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) ӨМИ субъекти тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген корутундуну же жазма буйрукту аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) киберчабуулдун же кибержаңжалдын натыйжасында ӨМИ объектинин иштөөсүнүн бузулушу.
14. ММИ объекттерине пландан тышкары аудит жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) ММИ субъекти тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген корутундуну же жазма буйрукту аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) киберчабуулдун же кибержаңжалдын натыйжасында ММИ объектинин иштөөсүнүн бузулушу.
15. Эгерде ушул Тартиптин 13, 14-пункттарынын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн негизде пландан тышкары аудит жүргүзүлгөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар пландан тышкары аудит жүргүзүүнү токтоосуз баштоого укуктуу.
16. Пландан тышкары аудит ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала кабарлоосу боюнча жүргүзүлөт.
17. Пландуу аудит ӨМИ жана ММИ субъекттеринин жана объекттеринин жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдөн турат:
1) ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган мөөнөттөрдү эске алуу менен пландуу аудит жүргүзүү мөөнөттөрүн белгилөө;
2) ӨМИ же ММИ объекттеринин тизмегин түзүү жана ӨМИ же ММИ объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн анын компоненттеринин маанилүүлүгүн, ошондой эле пландуу аудиттин артыкчылыктарын аныктоо;
3) зарыл болгон уюштуруу-тескөөчү документтерди топтоо;
4) аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча ӨМИ жана ММИ субъекттеринин жооптуу кызматкерлеринен оозеки жана жазуу жүзүндɵ түшүндүрмɵлөрдү жана ырастамаларды алуу;
5) начар корголгон жерлердин болушуна ӨМИ же ММИ объекттерин сканерлөө жана учурдагы коргоо абалын баалоо;
6) ӨМИ жана ММИ объекттерине кирүүгө тесттерди жүргүзүү;
7) конфигурацияларды жана системалык журналдарды талдоо;
8) пландуу аудиттин жыйынтыгы жана начар корголгон жерлерди жоюу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу, ошондой эле аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө менен корутундуну түзүү;
9) сунуштамалардын аткарылышын контролдоо жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун текшерүү.
18. ӨМИ жана ММИ субъекттерине жана объекттерине пландан тышкары аудит аныкталган начар корголгон жерлердин жана/же бузуулардын чегинде ушул Тартиптин 13, 14-пункттарында каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
19. Пландуу жана пландан тышкары аудит ӨМИ же ММИ субъекттеринин жетекчилигин тиешелүү аудит жүргүзүү жөнүндө кабарлоо менен милдеттүү түрдө тааныштыргандан жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин башталат.
20. ӨМИ же ММИ субъекттеринин жетекчилиги аудит жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына зарыл болгон документтерди берүүгө жана аларды ӨМИ же ММИ объекттерине тоскоолдуксуз киргизүүгө милдеттүү.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарды аткаруусу үчүн көрүлгөн чаралардын натыйжалуугун баалоо үчүн тиешелүү программалык жана аппараттык-программалык каражаттар колдонулат.
22. Пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары төмөнкү укуктарга ээ:
1) пландуу жана пландан тышкары аудиттин предметине тиешелүү зарыл болгон документтерди суроого, ошондой эле ӨМИ жана ММИ объекттерине кирүүгө;
2) аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча ӨМИ жана ММИ субъекттеринин жооптуу кызматкерлеринен оозеки жана жазуу жүзүндɵ түшүндүрмɵлөрдү жана ырастамаларды алууга;
3) маалыматтык инфратүзүм объекттерине кирүүгө тестирлɵɵ жүргүзүүгө;
4) жазма буйрукту киргизүүгө.
23. Пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) эгер алар пландуу жана пландан тышкары аудиттин предметине тиешелүү болбосо, документтерди жана маалыматты берүүнү талап кылууга, ошондой эле мындай документтердин түп нускаларын алууга;
2) пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн ашып кетүүгө;
3) пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган маалыматты жайылтууга;
4) ӨМИ жана ММИ объекттеринин иштөөсүн бузууга.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ӨМИ жана ММИ субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) ӨМИ жана ММИ субъекттерине тиешелүү кабарламаны жибергенден кийин текшерүү жүргүзүүгө;
3) кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө;
4) пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүдө ӨМИ жана ММИ субъекттеринин өкүлдөрүнүн катышуусуна тоскоолдук кылбоого;
5) ӨМИ жана ММИ субъекттеринин дарегине пландуу жана пландан тышкары аудиттин жыйынтыгы жөнүндө актыны жиберүүгө;
6) ушул Тартипте белгиленген пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоого.
25. Пландуу жана пландан тышкары аудиттин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан он жумуш күндɵн кечиктирилбестен акт түзүлөт.
26. Пландуу жана пландан тышкары аудиттин актысынын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.
27. Пландуу жана пландан тышкары аудиттин актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) акт түзүү датасы жана орду;
2) пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кабарламасынын датасы жана номери;
3) пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүүнүн узактыгы жана орду;
4) ӨМИ же ММИ субъекттери жана объекттери жөнүндө маалыматтар;
5) ӨМИ же ММИ объекттерин эксплуатациялоочу, алардын иштөөсүн (коштоо, тейлөө, оңдоо) камсыз кылуучу, ошондой эле алардын киберкоопсуздугун камсыз кылган адамдар жөнүндө маалыматтар;
6) пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын, ӨМИ же ММИ субъектинин жетекчисинин жана пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүүгө тартылган, алар ыйгарым укук берген кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду;
7) пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле ӨМИ же ММИ субъектинин жетекчисинин жана пландуу же пландан тышкары аудит жүргүзүүгө тартылган, алар ыйгарым укук берген кызмат адамдарынын колу;
8) ӨМИ же ММИ объекттеринин киберкоопсуздугунун учурдагы абалы жана киберкоопсуздукту камсыздоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдардын талаптарына алардын шайкештиги жөнүндө жалпыланган маалыматтар.
28. Пландуу же пландан тышкары аудиттин актысы эки нускада таризделет, анын бири ӨМИ же ММИ субъекти, ал эми экинчи нускасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн арналган.
29. Пландуу же пландан тышкары аудиттин актысынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ӨМИ же ММИ субъекттерине отуз жумуш күндɵн кечиктирбестен, пландуу же пландан тышкары аудиттин актысынын ажырагыс бɵлүгү болуп саналган корутундуну жиберет.
30. Корутунду ӨМИ же ММИ объекттеринин абалы жана алардын киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарга шайкештиги, ошондой эле программалык жана аппараттык-программалык каражаттарды колдонуу менен өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндө маалыматты камтыйт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ӨМИ же ММИ объекттеринин начар корголгон жерлери аныкталган учурда корутундуга аларды жоюу боюнча сунуштамаларды киргизет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунуштамалары алынган учурдан тартып отуз жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга тийиш. Сунуштамаларды жиберген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдалат.
Сунуштамалар ушул пунктта каралган мөөнөттө аткарылбаган учурда ӨМИ же ММИ субъекти сунуштаманы жиберген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу мөөнөтүн узартуу үчүн ырастоочу документтерди тиркөө менен бир жолу жүйөлүү катты жибере алат.
31. Корутунду аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ӨМИ же ММИ объекттерин модернизациялоо (кошумча жабдуу) боюнча ӨМИ же ММИ субъекти тарабынан бекитилген жана сунушталган программаларды (пландарды) эске алуу менен белгиленген, аны аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазма буйрукту киргизүү;
2) аныкталган бузууларды жоюуну, алардын алдын алууну жана бөгөт коюуну контролдоо боюнча чараларды көрүү.
32. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктары алынган учурдан тартып отуз жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга тийиш. Жазма буйрукту киргизген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазма буйруктун аткарылгандыгы жөнүндө кабарлама жиберилет.
Жазма буйруктар ушул пунктта каралган мөөнөттө аткарылбаган учурда ӨМИ же ММИ субъекти жазма буйрукту киргизген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу мөөнөтүн узартуу, бирок токсон күндөн ашпаган мɵɵнɵткɵ узартуу үчүн ырастоочу документтерди тиркөө менен бир жолу жүйөлүү катты жибере алат.
33. ӨМИ жана ММИ субъекттеринин жетекчилери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан пландуу же пландан тышкары аудиттин предметине тиешелүү маалыматты алууга;
2) пландуу же пландан тышкары аудиттин жыйынтыгы менен таанышууга.
34. ӨМИ жана ММИ субъекттеринин жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүгө кɵмɵк кɵрсɵтүүчү кызмат адамдарын аныктоого жана зарыл болгон суроолор боюнча түшүндүрмɵлөрдү берүүгө;
2) пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына зарыл болгон документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө;
3) өткөрүү режиминин талаптарын эске алуу менен текшерилүүчү ӨМИ же ММИ объектинин аймагына пландуу жана пландан тышкары аудит жүргүзүүчү кызмат адамдарынын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга;
4) жеринде аныкталган өзгөчө маанилүү бузууларды жана начар корголгон жерлерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундуларын аткарууга;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын аткарууга.
35. Корутундуда жана/же жазма буйрукта баяндалган фактылар менен макул болбогон учурда, ӨМИ же ММИ субъекттеринин жетекчилери корутундуну жана/же жазма буйрукту алган датадан тартып он беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга корутунду жана/же жазма буйрукка карата каршы пикирлерин жиберүүгө укуктуу. Ошол эле учурда ӨМИ же ММИ субъекттеринин жетекчилери мындай каршы пикирлердин негиздүүлүгүн ырастаган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн каршы пикирлерге тиркөөгө укуктуу.
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга келип түшкөн каршы пикирлер алардын компетенциясына ылайык алар катталган күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде каралат.
37. Эгерде ӨМИ же ММИ субъектинин каршы пикирлерин кароо үчүн кошумча текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, каршы пикирлерди кароо узартылышы, бирок отуз календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Каршы пикирлерди кароо мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө чечим ӨМИ же ММИ субъектине бул тууралуу кабарлоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынат.
38. Каршы пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) аны толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө;
2) аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.
39. Ушул Тартиптин жоболорун бузууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.