Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 14-ноябры ПЖ № 313

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын

5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун пайдалануу боюнча айрым маселелерди регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

 

1.      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

–           17-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча жана жактырылган учурда, Турукташтыруу фондунан каражаттарды бөлүүнү демилгелеген субъект Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизет.”.

2.      Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланган

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров