Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 16-апрели № 04-13/94
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 04-13/246 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы мамлекеттик ишканаларынын уставдарын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы мамлекеттик ишканаларынын уставдарын бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 23-июлундагы № 04-13/246 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 1-пунктчасындагы “Гидрологиялык экспедиция” деген сөздөр “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасынын Уставында:
– аталышында “Гидрологиялык экспедиция” деген сөздөр “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 1-пунктта “Гидрологиялык экспедиция” деген сөздөр “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы”;
расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызская комплексная гидрогеологическая экспедиция» Службы водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “ККГГЭ” МИ”;
расмий тилде: «ГП «ККГГЭ».
Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева 4а көчөсү .”;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Ишкананын түзүмүнө “Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалы жана “Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалы кирет.
“Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, “Туран” кичи району, үй номери жок.
“Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Белинский көчөсү, үй номери 203.”;
– 14-пунктта:
экинчи абзацта “маанидеги” деген сөздөн кийин “анын ичинен гидрогеологиялык жана инженердик гидрогеологиялык чөйрөдөгү,” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“жер астындагы суу ресурстарын башкаруу жана аларды пайдаланууну жөнгө салуу;”
– 15-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– калкты жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди жер астындагы булактардан ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу;”
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Ишкана төмөнкү функцияларда аткарат:
– жер астындагы суулардын бар экендиги жөнүндө корутундуларды берүү, скважиналарды паспорттоштуруу;
– жер астындагы сууларды лицензиялоо маселелери боюнча консультация жана корутундуларды берүү;
– келишимдин негизинде суу скважиналарын долбоорлоо, бургулоо, тейлөө, оңдоо жана эксплуатациялоо боюнча иштерди аткаруу;
– гидрогеологиялык, инженердик-гидрогеологиялык иштерди жүргүзүүгө долбоорлорду түзүү жана аткаруу;
– жер астындагы суулардын абалына сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр боюнча мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
– кен чыккан жерлер, гидрогеологиялык бассейндер жана административдик бөлүнүштөр боюнча жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну, эксплуатациялык запастардын мамлекеттик эсебин жүргүзүү;
– “жер астындагы суулар” бөлүмү боюнча мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү;
– таза жана минералдык суулардын суу алуучу скважиналарын каттоону жана эсепке алууну жүргүзүү;
– шаарларды, өнөр жай ишканаларын, айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыз кылуу, жерлерди жана жайыттарды сугаруу үчүн издөө-чалгындоо, гидрогеологиялык иштерди жүргүзүү;
– гидрогеология чөйрөсү жана суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого керек болгон жабдууларды, шаймандарды, материалдарды, жана башка запастык бөлүктөрдү даярдоо жана сатуу;
– стационардык байкоо скважиналары боюнча жер астындагы суулардын режимине региондук жана атайын байкоолорду жүргүзүү;
– карталардын легендаларын, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн заманбап шарттарына карата колдонулуучу гидрогеологиялык изилдөөлөргө карата методикаларды жана талаптарды иштеп чыгуу;
– ушул Уставдын максаттарына жооп берген иштин башка түрлөрүн аткаруу.
Ишкана скважиналар боюнча документтердин (скважиналардын эсепке алуу карталардын, перфокарталардын, карталардын планшетин, скважиналарды изилдөө актыларынын, скважиналар боюнча химиялык анализдердин актыларынын, жер астындагы сууларды жылдар боюнча мамлекеттик эсепке алуу материалдарынын) кармоочусу болуп саналат.
– 17-пунктта:
экинчи абзацтагы “мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” деген сөздөр алынып салынсын;
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“Жер астындагы суулар маселелери боюнча мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгү”;
– 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“– главный инженер;”.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу жана жер ресурстар бөлүмү:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
– ушул буйрук катталган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
– ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өтүшүн камсыз кылсын;
– ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр |
|
Б.Э. Торобаев |