ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 63
Айыл аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жер аянттарын аукционго коюуга макулдук берүү жана ижара акыларын жогорулатуу жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиза жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жер аянттарын аукционго коюуга макулдук берилсин.
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин 2025-жылдын башында бекитилген ижара акылары 70% га жогорулатылып, топурактын бонитетинин баллын эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөнкүдөй тариф бекитилсин:
-сугат айдоо - 4225(төрт миң эки жүз элүү) сом;
-кайрак айдоо - 3400(үч миң төрт жүз) сом;
-бак - 3734(үч миң жети жүз отуз төрт) сом;
-чөп чабынды - 1700(бир миң жети жүз) сом.
- Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жер аянттарын мыйзам чегинде аукционго коюп, ижарага берүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өмөтүнө тапшырылсын.
- Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
- Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |