Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 64

 Орозбеков айыл  өкмөтүнүн “Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү” программасын бекитүү жөнүндө.

 

    Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз,  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат: 

  1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү” программасы бекитилсин.
  2. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдө бекитилген программага ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
  4.  Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Каримов