КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 1
К.Р сынын “Маданият” жөнүндөгү мыйзамынын аткарылышы боюнча аймактагы маданият кызматкерлеринин,китепканалардын жана музейлердин ишин, жаштар арасында жана жалпы дене тарбиясын, спортту өнүктүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жүнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кашкар-Кыштак айылдык маданият үйүнүн башчысы Хаитмухаматова Мамурахандын, Жарооз айылдык маданият үйүнүн башчысы А.Пирматованын, Алгабас айылдык маданият үйүнүн башчысы Ж.Абдукеримованын, Мөнөк айылдык маданият үйүнүн башчысы Г.Аккозиеванын жана Мөнөк айылдык №45 китепканасынын 2023 – жылдын алты ай ичинде элдерди маданий жактан тейлөөсүнүн абалы жөнүндө жүргүзүп жаткан иштери боюнча малыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Алгабас жана Жарооз айылдарындагы 2023-жылдын алты ай ичинде маданият үйлөрүнүн башчыларынын элдерди маданий жактан тейлөөсүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы , негизинен канаттандыраалык деп табылсын.
2. К.Р. Президентинин 29.01.2021 – жылдагы №1 “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү жарлыгын жана ушул жарлыктын ыраттуу уландысы катары сунушталып, 2022-2027- жылдарга “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.08.2017-жылдагы 2018-2028-жылдарга “Үй бүлөнү коргоо” программасынын №624 буйругун КР Президентинин “Кыргыз жараны” концепциясын турмушка ашыруу боюнча №39 жарлыгын, 2021-2025 жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын турмушка ашыруу боюнча иш алып баруу жагы бардык айылдардын маданият кызматкерлеринин башкы милдети болуп эсептелсин жана аны аткаруу жагы тапшырылсын.
3. Аймактагы маданият кызматкерлеринин элдерди маданият жактан тейлөөсүнүн, сапатын жакшыртуу үчүн аларга тиешелүү болгон музыкалык инструменттерди жана маданият үйлөрүнүн имараттарын оңдоп түзөө, кыш мезгилине карата жылытуу системасын жакшыртуу жана башка керектүү болгон маселелер боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү үчүн алдын ала заявкаларды айыл өкмөтүнө тапшыруу жагы маданият үйлөрүнүн башчыларына милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | З.Г.Нурдинов |