Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-июлундагы № 2
Акча каражатын которуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзунун айыл өкмөттөр Ассотциатциясына аймактагы калктын санына жараша бир пайыз өлчөмүндө акча каражатты милдетүү түрдө которуу керектиги боюнча сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар- Кыштак айыл аймагында 2023- жылдын 1- январына карата калктын жалпы саны 36 000 (отуз алты миң) адамды түзгөндүктөн, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзунун айыл өкмөттөр Ассотциатциясынын эсебине жергиликтүү бюджетинен 36 000 ( отуз алты миң ) сом акча каражат которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатты которуп берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | З.Г.Нурдинов |