Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 3

Кашкар-Кыштак айыл аймагында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышы, имам хатибдердин калк арасында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын башкы имам хатиби Нурдинов Аширалинин азыркы убакытта айылдагы мечиттердин ислам дини боюнча имам хатибдеринин жүргүзүп жаткан иштерине токтолду.Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 06.05. № 02/115 чыгыш катындагы Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 06.06.№01-29/453 сандуу катындагы тапшырмасынын негизинде жер-жерлерде диний экстремизимге, зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн диний уюмдарды көзөмөлдөө комитети менен биргеликте иш жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясынын 13.09.2022-жылдагы №6-5332/22 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн азыркы учурдагы зордук, коомубузда үй-бүлөдө жана жашы жетелек балдарга зордук зомбулук күч алганын, жаш балдар арасында кылмыштар азыркы учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири болуп жаткандыгын кыргыз элинде болуп көрбөгөн мыкачылык, абийирсиз жат көрүнүштүн коомубузга тарап бараткандыгына байланыштуу жергиликтуу эл менен тийиштүү иштерди жүргүзүп, эл арасында кеңири малымат берүүнү өтүнгөн. Бул боюнча жалпы коомчулук менен мечиттин имам хатибдери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү болуп биргеликте иш алып барууну сунуштаймын.

Айылдык кеңештин депутаттары бул малыматты кенири карап, талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Айыл аймагында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышы, имам хатибдердин калк арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча малыматы канаттандырарлык деп эсептелсин.

 

2. Айыл аймагында жайгашкан айылдардын мечиттериндеги имам хатибдер өздөрүнүн жамаатты, коомдук уюмдар менен биргеликте жер-жерлерде диний экстремизимге,зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин мындан ары да биргеликте алып барылсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары тарабынан жашы жетелектерге зордук -зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жазана катаалдаштыруу боюнча 2022-жылдын 30-июнунда мыйзам долборунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кол койгон мыйзамына ылайык иш алып баруу жагы бардык айылдардын имам хатибдерине тапшырылсын.

 

4. Ар жума сайын айтылган насааттарды айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан чогулуштарды жогоруда көрсотүлгөн мыйзам боюнча элге кеңири малымат жеткерүү жагы милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

З.Г.Нурдинов