Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 9

Кашкар-Кыштак айылынын Ош көчөсүнүн жашоочүларынын арызы жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын Ош көчөсүнүн көчө комитети Мамажанов Шухраттын жалпы жашоочулардын жазган арызы боюнча тааныштырып, Кашкар-Кыштак айылынын темир жол станциясынын аймагында мурдагы союз мезгилинде (вторчермет) темир кампасы жайгашкан, азыркы учурда ал ишкана жеке менчикке Алиева Кандалат сатып алгандыгын, бирок бүгүнкү күндө мекеменин ичинде автомашиналар аркылуу көмүрдүн майдасы ташып келинип, кайрадан вагондорго жана фураларга жүктөлүп Өзбек Республикасына жөнөтүлүп, натыйжада көмүрлөрдөн чыккан чаңдан жана жайкы мезгилде көмүрлөрдү ташып элдердин түнкү дем алышына, ден-соолугуна терс тасири тийгизип жаткандыгы боюнча, өнөр жай ,транспорт, соода жана социалдык маселелер боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан текшерүүсүнүн жыйынтыгы негизинде, айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылынын Кара-Суу көчөсүн кесип өткөн темир жол стациясынын аймагында жайгашкан мурдагы союз мегилинде курулган (вторчермет) темир кампасын жеке менчикке сатып алган Алиева Кандалатка көмүрдү көмүр кенден ташып келүүнү токтотуп, алып келинген көмүрду 2023-жылдын 31 август күнүнө чейин ташып чыгарып кетүү мөөнөтү милдеттендирилсин.

2. Жогорудагы көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмалар аткарылбаса мыйзам чегинде тийешелүү органдарга кайрылып чара көрүү боюнча иш алып баруу жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ишкананын жетекчиси тарабынан элдерге зыяны тийбей турган башка ишкана-мекеме ачып иштетүүгө макулдук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода ,базар , энергетика жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

З.Г.Нурдинов