Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 10

Муниципиалдык менчикте турган мурдагы Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучуларына арналган 700 метр кв аянтагы эстеликтин ордун ижарага берүү үчүн максаттык багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин айылдык кеңештин 2022-жылдын 02-ноябрындагы № 4 токтому менен кабыл алынган эски Улуу Ата-мекендик согуштун эстелиги жайгашкан муниципиалдык менчикте турган 700,0 метр кв жер аянтына чайкана курулушуна депутаттар тарабынан макулдук берилгендигине токтолуп, чайкананы коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана кеңири такуулап, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Муниципиалдык менчикте турган мурдагы Улуу Ата – мекендик согуштун катышуучуларына арналган жети жүз метр квадрат жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов