Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-июлундагы № 11
Кашкар-Кыштак айылынын Жумушчу дыйкан көчөсүнүн жашоочүларынын коллективдүү жазган арыздары жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын Жумушчу дыйкан көчөсүнүн көчө комитети Исаков Талгат Жумушчу дыйкан көчөсүнүн тургундарынын коллективдүү жазган арызы менен айылдык кеңештин депутаттарына тааныштырып ,арызда көрсөтүлгөн Кашкар-Кыштак темир жол бекетине тиешелүү болгон жер аянттары темир жол ишканасынын админстрациясы тарабынан жеке ишкерлерге ижарага берилип, аталган ишканадагы жер аянтарына жеке ишкерлер тарабынан көмүр түшүрүлүүчү жана көмүр жүктөлүүчү жай катары пайдаланып келишет. Түшүрүлгөн жана жүктөлгөн көмүрдүн жыты жана андан чыккан чаңдар, газдуу зыяндар көмүр түшүрүлгөн жайдын айланасында жашаган айылдын тургундарынын дең соолугуна зыян келтирүүдө. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан Кара-Суу райондук санэпид бекетине, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош,Жалал-Абад регионалдык башкармалыгына кайрылып атайын кат жөнөтүлгөн.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн 05.06.2023 жыл № 07-9-148 чыгыш катына жооп иретинде “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү Кашкар-Кыштак бекети тарабынан көмүр бул кооптуу жарылуучу же коркунучтуу жүктөрдүн катарына кирбейт, зыяндуу заттардын катарына кирбейт, негизи “КТЖ” УК- МИ ТБ жүктөрдү бөлүүгө угугубуз жок, андыктан ар кандай жүк келсе жүктү түшүрүү, жүктөө жана жеткирүү “КТЖ” УК МИ ТБ түздөн түз милдети деген жооп келди.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын башчысы С.Ж.Абдраевке жазган чыгыш катка тиешелүү жооп келген эмес. Ошондуктан бул коллективдүү арызды карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан темир жол бекетиин территориясына оор техникалар менен көмүр алып келүү ,вагондорго жүктөө жана алып чыгып кетүүдө, ошол жерде жашап жаткан элдердин өмүрүнө зыян жетип жаткандыгына байланыштуу, элдүү пункттан 500 метр аралыкта иш алып баруу жагы Кашкар-Кыштак темир жол бекетинин башчысына милдеттендирилсин.
2. Күн тартибине коюлган маселени мыйзам чегинде тийешелүү органдарга кайрылып, чара көрүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун бир нускасы арыз ээлерине жеткерилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода ,базар, энергетика жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |