Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 13

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жарооз айылындагы бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери Аширбаев Абдувалинин ысмын ыйгаруу жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине Аширбаев Абдувалинин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү 2023-жыл 18-мартдагы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31 -беренесинин, 2- бөлүмүнүн 1 - пункутунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарда эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6 - бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Жарооз айылынын 18-март 2023 -жылдагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин, Жарооз айылынын №4 көчөсүнө эмгектин ардегери Аширбаев Абдувалинин ысмы ыйгарылсын.

2. Аширбаев Абдували атындагы көчөнүн чек аралары, чыгыш жагынан №5 көчө, батыш жагынан №2 көчө менен чектелип, аталган көчө түндүк жагынан оң жак бети Бегалиев Сапарали, түштүк жагы оң бети Аширбаева Зулайканын үйүнөн аяктайт. Түндүк жагы сол жак бетинен Ибрагимов Дөөлөттын үйүнөн башталып, түштүк жагы Аширбаев Сабырдын үйүнөн аякталсын.

3. Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “ Аширбаев Абдували атындагы көчөсү” деген белги жана катар үй номерлери илүү жагы Аширбаевдердин үй-бүлөсүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине жана Кара-Суу райондук мамлекеттик “Кадастр“ мекемесине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов