Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 14

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылынын Жумушчу-дыйкан көчөсүнүн тургуну М.Кенжебаеванын арызы жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы М.Маматалиевдин Кашкар-Кыштак айылынын Жумушчу -дыйкан көчөсүнүн жашоочусу Кенжебаева Матлюба Кучкаровнанын айылда бала бакча тарбиялоого муктаждыктардын саны өсүп,айылда балдар бакчалардын саны аздыгына байланыштуу, өзүнүн жеке менчик үйүндө балдарды тарбиялоого толук шарт түзүп, балдар бакчасын ачууга уруксат сурап, келечекте муниципиалдык менчикке өткөрүү жөнүндөгү арызын таныштырып,бала бакча ачууга уруксат сураган арызын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ахмаджанованын сунушун депутаттар айылдык кеңештин сессиясында кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ    кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылынын Жумушчу – дыйкан көчөсүнүн жашоочусу Кенжебаева Матлюба Кучкаровнанын балдар бакчасын ачып, келечекте муниципиалдык менчикке өткөрүү боюнча жазган арызы канаттандырылып, бала бакча ачууга макулдук берилсин.

 

2. Балдар бакчасын ачып муниципиалдык менчикке өткөрүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Айыл өкмөтүнүн балдар бакчасын ачуу боюнча сунушунун негизинде штаттык бирдикти чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим жана саламаттыкты сактоо комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов