Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-июлундагы № 15
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Вахим деп аталган жаңы конуштагы бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери Садыков Сатвалдынын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын Вахим жаңы конушунун 08.06.2023- жыл күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде жаңы конуштун бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Садыков Сатвалдынын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31 -беренесинин, 2- бөлүмүнүн 1 - пункутунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарда эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6 – бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылынын Вахим деп аталган жаңы конуштун 08.06.2023 -жылдагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылынын жаңы конуштун бош көчөсүнүн бирине эмгектин ардегери маркум Садыков Сатвалдынын ысмы ыйгарылсын.
2. Садыков Сатвалды атындагы көчөнүн чек аралары, Вахим жаңы конушунун биринчи көчөнүн оң жак бети батыш жагынан жогору жагынан Тажибаев Марипжандын үйүнөн, илдыйкы жагынан Маматов Фаррух үйүнө чейин, чыгыш жагынан жогорку жагынан Жураев Мурадилдин үйүнөн ылдый жагы Садиков Каюмжандын үйүнөн аякталсын.
3. Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “Садыков Сатвалды атындагы көчөсү” деген белги, катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү, социалдык көйгөйлөрүн чечүү жагы Садыковдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
5. Кара-Суу райондук мамлекеттик “Кадастр“ ишканасынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |