Редакцияот 09.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин XV сессиясы

(VIII чакырылыш)

 

2025-жылдын 09-октябрыы № 15/56

 Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү мекемелеринин педогогикалык жамааттарынын 2024-2025- окуу жылына карата аткарылган иштери жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын           2025-жылдын 24-сентябрындагы №7 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын 2025-жылдын 21-августундагы № 01-6/192 катын  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын маалыматы эске алынсын жана милдеттендирилсин:

 

-        “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга  билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;

 

-        жаштарга  билим берүүдө  инновациялык  ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, деңгээлин жогорулатуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы;  

 

-        мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыздоо иштерин колго алуу;

 

 

-        билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын  күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыздоо жана аларды  өз убагында көмүр менен камсыз кылуу;

 

-        шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусуна бөгөт коюу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү, «мектеп рэкети» - жогорку класстардын окуучулары тарабынан төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;

 

-        билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамааттарынын мезгилге карап өнүгүүсүн камсыздоо жана билимин өркүндөтүү максатында мугалимдерди  окуу курстарына жөнөтүү.

 

  1. Кызыл-Кыя шаарындагы кесиптик окуу жайлардын, орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерине студенттерди жатакана менен камсыздоо жагы жүктөлсүн. Жатаканасы жок окуу жайлар тийиштүү министрликтер менен иш жүргүзүп, жатакана куруу маселесин чечүү жагы сунушталсын.

  

  1. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүм башчысы Г.Сабировага милдеттендирилсин:

-        жугуштуу инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда профилактикалык иштердин жүрүшүн камсыздоо;

-        мектептерде жана бала бакчаларда балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, ашканалардын санитардык-гигиеналык абалын, тамак-аш продукталарынын сакталышын көзөмөлдөө жагы.

 

  1. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага:

Ж.Аматов