Редакцияот 09.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин XV сессиясы

(VIII чакырылыш)

 

2025-жылдын 09-октябрыы № 15/60

  

“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жж  күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине жылуу сууну берүүнү токтотуу жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине,  шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын   2025-жылдын 08-августундагы №11 протоколуна негиз жана “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Адинаевдин 2025-жылдын 31-июлундагы № 01-06/21 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2025-2026-жж күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине калкка жылуу сууну берүүнү токтотууга макулдук берилбесин.

 

2.    Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

3.    Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Тѳрага:

Ж.Аматов