Редакцияот 09.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин XV сессиясы

(VIII чакырылыш)

 

2025-жылдын 09-октябрыы № 15/61

 Кызыл–Кыя шаарынын  И.Жусубалиев көчөсүнүн №23  дарегинде жайгашкан Кызыл-Кыя  шаардык аскер комиссариатынын имаратын 4450 кв.м жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  мыйзамынын 34-беренесине,  шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-сентябрындагы №12 протоколуна негиз жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Бектуровдун 2025-жылдын 16-сентябрындагы №01-14/3383 катын эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүнүн №23 дарегинде жайгашкан  Кызыл-Кыя шаардык аскер комиссариатынын имаратын 4450 кв.м жер тилкеси менен муниципалдык менчиктен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүнүн №23 дарегинде жайгашкан  Кызыл-Кыя шаардык аскер комиссариатынын имаратын 4450 кв.м жер тилкеси менен муниципалдык менчиктен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүүдө тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Бектуровго жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Ж.Аматов