Редакцияот 15.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы

 

2023-жылдын 15-сентябрындагы № 3

 

Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы жайгашкан Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Жарооз жана Бекжар айылдарында мамлекеттик фондунун сугат айдоо, чоп чабынды жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан аукцион өткөрүү үчүн аталган жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын, кепилдик төлөмдөрүнүн өлчөмүн, кадамын белгилеп бекитип берүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин күн тартибине койгон маселесин бекитип берүү боюнча сунушун кеңири карап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ   кылат

 

1. Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул айылдарына сугат айдоо жерлер үчүн гектарына ижара акысынын баштапкы баасы 7000 (жети миң ) сомдон, ар бир кадамы 500 (беш жүз ) сомдон, кепилдик баасы 30% дан белгиленсин.

2. Жарооз айылы сугат айдоо жерден ижара акысыны баштапкы баасы гектарына 4000 (төрт миң ) сомдон, ар бир кадамы 500 (беш жүз ) сомдон, кепилдик баасы 30% дан белгиленсин.

3. Кайрагач айылы ижара акысынын баштапкы баасы жердин шартына карап гектарына 2000 ( эки миң ) сомдон 4000 (төрт миң ) сомго чейин , ар бир кадамы 500 (беш жүз ) сомдон, кепилдик баасы 30% дан белгиленсин.

4. Бек жар айылы чөп чабынды жерлер үчүн баштапкы баасы гектарына 1000 (бир миң) сомдон, кадамы 100 (бир жүз ) сомдон, кепилдик баасы 30% дан белгиленсин.

5. Айыл өкмөтүндө өтүлө турган аукциондорду өз мөөнөтүндө мыйзам негизинде туура өткөрүү жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов