Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 4
Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 23.08.2023-жылдагы № 02/1143 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси А.Абдуллаевдин Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0,3 төн 2,0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффицентин бекитип берүүнү сунуш кылды. Айылдык кеңештин депутаттары сессияда күн тартибиндеги маселени кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат.
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы жайгашкан калктуу пункттарда калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытында эмес жерлер үчүө
-Кашкар-Кыштак айылына - 1,2
-Мөнөк айылына - 1,2
-Кенжекул айылына - 1,2
-Жарооз айылына - 1,2
-Алгабас айылына - 1,0
-Бекжар айылына - 1,0
Зоналдык коэффиценти белгиленсин.
2. Токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |