КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 5
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдагы 3-августундагы № 01-38/684 сандуу катынын негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Тажик маала айылынын аталышын “Биримдик“ айылы деп өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү 01.09.2023-жылдагы элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Тажик-маала айылынын көчө комитети Ахмеджанов Кабылжандын 2023- жылдын 1-сентябрь күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколу менен таныштырып, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 3-августдагы №01-38/684 сандуу катынын негизинде айылдардын аталышын бир урууларды адамдардын атына коюлуп калгандыгына байланыштуу өзгөртүү мумкунчулугу берилгендигине байланыштуу, Тажик-маала айылы көп жылдардан бери ар түрдүү улуттарды түзүп, ынтымакта, биримдикте жашап келгендиктерине байланыштуу, көпчүлүк жашоочулар айылдын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүп берүүнү сунушташкандандыктан айылдык кеңештин сессиясында карап, Тажик маала айылдынын аталышын өзгөртүү боюнча элдик жыйындын протоколун бекитип берүү максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 3-августундагы №01-38/684 сандуу чыгыш катынын негизинде Кашкар-Кывштак айыл аймагында жайгашкан Тажик-маала айылынын 2023-жылдын 1-сентябрдагы элдик жыйыфндын протоколу бекитилсин жана айылдын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун бир нускасы жана элдик жыйындын протоколу Кыргыз Республикасынын Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |