Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 6
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдагы 3-августундагы № 01-38/684 сандуу катынын негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Андижан маала айылынын аталышын “Ынтымак“ айылы деп өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү 01.09.2023-жылдагы элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Андижан-маала айылынын көчө комитети Темирбаев Алмаздын 2023- жылдын 1-сентябрь күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколу менен таныштырып, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 3-августдагы №01-38/684 сандуу катынын негизинде айылдардын аталышын бир урууларды адамдардын атына коюлуп калгандыгына байланыштуу өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилгендигине байланыштуу, Андижан-маала айылы көп жылдардан бери ар түрдүү улуттарды түзүп, ынтымакта, биримдикте жашап келгендиктерине байланыштуу, көпчүлүк жашоочулар айылдын аталышын “Ынтымак” айылы деп өзгөртүп берүүнү сунушташкандандыктан айылдык кеңештин сессиясында карап, Андижан- маала айылынын аталышын өзгөртүү боюнча элдик жыйындын протоколун бекитип берүү максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 3-августундагы №01-38/684 сандуу чыгыш катынын негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Андижан-маала айылынын 2023-жылдын 1-сентябрдагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин жана айылдын аталышын “Ынтымак” айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун бир нускасы жана элдик жыйындын протоколу Кыргыз Республикасынын Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |