КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 8
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдында көркөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын түзүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кашкар-Кыштак айылынын тургуну “Кара-Суудагы көркөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципиалдык ишканасынын мүдүрү Нурулло уулу Рахматилла тарабынан түзүлгөн Уставдын негизинде райондо жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, эгер Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө көркөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы түзүлүп калса, атайын келишим боюнча Жобонун негизинде иш алып барарын айтып, чарба түзүүгө макулдук берүү боюнча сунушун, айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. Кара-Суу мээриясынын алдында уюшулган “Кара-Суудагы көркөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципиалдык ишканасы менен биргеликте келишимдин негизинде иштөө үчүн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдында көркөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын ачууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн көркөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасын, жободо көрсөтүлгөн тартипте мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |