КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIII-сессиясы
2023-жылдын 15-сентябрындагы № 9
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кенжекул айылындагы муниципиалдык менчиктеги эски мектептин ордуна спорт аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Кенжекул айылынын жашоочусу, айылдык кеңештин депутаты А.Халмурзаевдин айылдагы жаштардын ден соолугун чыңдоо, спорт иштерин өнүктүрүү максатында, алар үчүн айылдагы муниципиалдык менчиктеги эски мектептин имаратын бузуп, анын ордуна спорт аянча курууга макулдук берүү боюнча сунушун угуп, айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ кылат
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кенжекул айылындагы муниципиалдык менчиктеги эски мектептин имаратын бузуп, анын ордуна спорт аянча курууга макулдук берилсин.
2. Курулуш иштерин баштоого чейин спорт аянча курууга тиешелүү болгон иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |