Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-ноябры № 745
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусун координациялоону жана эсепке алууну камсыз кылуу максатында, «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |