Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексих X сессиясы

2025-жылдын 10-октябры № 76

 Баткен шаарында жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2025-жылдын 23-сентябрындагы   Жарлыгын жана Кезектеги   IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун чечимин аткаруу максатында, Баткен шаарында жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги жыйынын  уюштуруу жана өткөрүү боюнча Баткен шаардык Кеңешинин VIII  чакырылышынын  кезексиз  X сессиясы - Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарында  жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйыны  2025-жылдын

1- ноябрында         саат 10-00дө өткөрүлсүн:

Жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны  Баткен облустук А.Жайнаков атындагы

музыкалык - драма театрында өткөрүлсүн;

 

2.Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынына  150 өкүл көрсөтүлсүн;

3.Жыйынга жергиликтүү өкүлчүлүктүн саны административдик-аймактык бөлүнүштөр боюнча калктын санына №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн; 

 

4.Жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги  IV жыйынын  өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

5.Шаар аймагында коомдук жыйындарды өткөрүү жана өкүлдөрдү шайлоо боюнча жооптуу депутаттар жана жумушчу топ  №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

6.Жергиликтүү коомдук жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү иштери  тиешелүү жумушчу тобуна жана Баткен шаарынын мэриясына  жүктөлсүн;

 

7.Жергиликтүү коомдоштуктун кезектеги IV жыйынынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:

1.Коомдоштуктун кезектеги IV  жыйынынын  катчысын бекитүү;

2.Эсептөө комиссиясынын курамын жана төрагасын бекитүү;

3.Кезектеги IV Элдик Курултайга 3 (үч) делегатты шайлоо. (резервин кошо бекитүү).

4. Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун   Уставын талкуулоо;

 

8.Коомдоштуктун жыйыны  өтүүдө коомдук тартипти сактоо, көзөмөлдөө, коопсуздук чараларын камсыздоо, техникалык  жана медициналык кызмат көрсөтүү иштери Баткен шаарынын мэриясына /мэр Т.Абыкеев/ жүктөлсүн;

9.Жыйынды өткөрүү боюнча маалыматтар жана даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматтар шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин жана шаар мэриясынын расмий веб-сайттары, социалдык баракчалары, маалымат баннерлери, “Баткен” УТРКсы жана “Салам” радиосу аркылуу жеткирилсин.

 

10.Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн;

 

11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин  төрагасы А.Ашировго   жана  уюштуруу тобуна жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

А.Аширов

 

 

 

 

Баткен шаардык Кеңешинин VIII

чакырылышынын кезексиз  X сессиясынын

№___ токтомуна №1 тиркеме

                                   

Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына аймактык башкармалыктарынан  калктын санына ылайык өкүлдөрдүн  шайлануучу квоталык саны:

 

 

1.Келечек АТОсунан - 34

2.Чет-Булак АТОсунан - 20

3.Базар-Башы АТОсунан - 20

4.Булак-Башы АТОсунан - 9

5.Кызыл-Дөң АТОсунан - 39

6. Кызыл-Жол АТОсунан - 28

 

Жалпы:   150

 

Жооптуу катчы: Ж.Алдашова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                      Баткен шаардык Кеңешинин VIII

           чакырылышынын X кезексиз        сессиясынын

№___ токтомуна №2 тиркеме

 

Баткен шаарында коомдоштуктун  кезектеги IV жыйналыштарын  уюштуруу жана өткөрүү тобунун курамы

 

Уюштуруу тобунун төрагасы:

1.Аширов А.А. Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы

Катчысы:

2.Алдашова Ж.М. Баткен шаардык Кеңештин жооптуу катчысы

           

Мүчөлөрү:

3.Таштанов А. Баткенс шаардык Кеңештин депутаты.

4.Орозов А.К. Баткен шаарынын мэринин орун басары.

5.Бегалиев М.С. Баткен шаарынын мэриясынын аппарат башчысы.

6.Рыскулова И Баткен шаарынын мэриясынын уюштуруу жана кадрлар бөлүмүнүн

                                  башчысы.

7.Акматов А Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы ММДнин башчысы.

8.Омошов Р Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы.

9.Шаршеев К ӨКМдин Баткен шаары боюнча бөлүм башчысы.

10.Айкынов Х.И. Аксакалдар сотунун төрагасы.

11.Ормонова А Коомчулуктан.

 

Жооптуу катчы:    Ж.Алдашова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен шаардык Кеңешинин VIII

чакырылышынын  кезексиз  X сессиясынын

№___ токтомуна №3 тиркеме

 

 

Баткен шаарынын  аймактык башкармалыктарында жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо үчүн  жыйындарды өткөрүүнүн графиги

 

14.10.2025-жыл

 

№

АТОнун аталышы

Мөөнөтү

Жыйын

өткөн жер

Шайланган өкүлдүн саны

 

1

Келечек

14.10.25 саат 10-00

№3 А.Имаров атындагы орто мектеби

34

2

Кызыл-Дөң

15.10.25 саат 10-00

15.10.25 саат 14-00

Аксакалдар чайканасы

Сай маала

39

3

Чет-Булак

16.10.25 саат 10-00

16.10.25 саат 17-00

Подстанция

Аэропорт зонасы

20

 

4

Базар-Башы

17.10.25 саат 10-00

17.10.25 саат 18-00

С.Айтматов мектеби

Токтогул Олуя

20

5

Булак-Башы

18.10.25 саат 14-00

Башталгыч мектеби

9

6

Кызыл-Жол

18.10.25 саат 16-00

АТО башчысынын офиси

28

 

Жалпы шаар боюнча

 

 

150

 

 

Жооптуу катчы: Ж.Алдашова