Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры № 724
Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өлкөнүн рыногунда сапат, натыйжалуулук жана коопсуздук талаптарына жооп берген дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 “Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибинде:
– 25-пункттун 1-пунктчасы “дары препараттары үчүн” деген сөздөрдөн кийин “, ушул Тартиптин 40-пунктунда көрсөтүлгөн дары каражаттарынан тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;
– 26-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) арыз ээсинин аккредитациялоо жааты билдирилген дары каражаттарына талдоо/сыноо жүргүзүүнү караган аккредитацияланган лабораторияларда дары препараттарынын билдирилген серияларынын сыноолоруна анализ жүргүзүүнүн протоколун же сертификатын берүүсү.”;
– 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“40. Дары каражаттарын серия боюнча контролдон бошотуунун критерийлеринен болуп, төмөнкү шарттардын бирин сактоо менен дары каражаттарынын өндүрүүчүлөрдөн же расмий дистрибьюторлордон түздөн-түз жеткирилишин документалдуу тастыктаган маалыматтардын болушу саналат:
1) Медициналык колдонуу үчүн дары препараттарын каттоого техникалык талаптарды шайкеш келтирүү боюнча эл аралык кеңештин регионундагы өлкөлөрдө талаптагыдай өндүрүш практикасынын эрежелеринин талаптарын сактоо менен өндүрүлгөн дары каражаттары;
2) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн дары каражаттары;
3) биологиялык жана биоаналогдук дары препараттары;
4) өндүрүштүк аянттын ЕАЭБдин тиешелүү өндүрүштүк практикасынын талаптарына шайкештигин тастыктаган сертификат болгондо, дары каражаттарын серия боюнча контролдоо – жылына 1 жолу, инъекциялык жана инфузиялык дары препараттарын жылына 2 жолу жүргүзүлөт;
5) Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан уюмдаштырылган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу алынган дары препараттары;
6) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин алкагында алынган дары каражаттары. Мында алып келинген дары каражаттары келишимдин тарабы болуп эсептелген өлкөдө медициналык колдонуу үчүн катталууга тийиш;
7) орфандык дары каражаттары.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 “Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибинде:
– 8-пункттун 7-пунктчасында “(сертификаттын жарактуулук мөөнөтүндө бир жолу берилет)” деген сөздөр алып салынсын;
– 27-пункт төмөнкүдөй маанидеги абзац менен толукталсын:
“Суроо-талапка жоопту кароодо медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун тастыктоого тоскоол болгон карама-каршылыктар же жетишсиз маалыматтар аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу орган лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү же кайтарып берүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат.”;
– 29-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 44-пункттун биринчи абзацындагы “катталган” деген сөз алып салынсын;
– 4-главанын аталышында “Дары каражаттарынын” деген сөздөр “Медициналык буюмдун” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 87 (3743) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |