Редакцияот 08.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезектеги XVII  сессиясы

 

  2025-жылдын  8-октябры  №2

 

«Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү

коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгы менен бекитилген 2025-жылдын 22-декабрда өтүүчү кезектеги IV Элдик Курултайга Манас шаарынан делегаттарды шайлоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь саат 10:00 гө чакырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйын Манас шаарындагы Ю.Абдрахманов 6 дарегиндеги административдик имараттын кичи жыйындар залында өткөрүлсүн.

 

2.    Манас шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Осмоновага) милдеттендирилсин.

 

5.    Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

 

Болотов Н.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Манас шаардык

депутаттар кеңешинин 08.10.2025-жылдагы

кезектеги XVII сессиясынын

 №3-токтомуна №1-тиркеме

 

 

 

Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү

жыйынын чакыруу боюнча жумушчу тобунун курамы

 

№

Аты-Жөнү

 

Кызмат орду

1.

Болотов Нуртилек Болотович

Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы

2.

Маманов Каныбек Тойчубекович

Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары

3.

Осмонова Гульзат Орозбековна

Манас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

4.

Мустапакулова Малика Пайгамбаркуловна

Манас шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы-жумушчу топтун мүчөсү

5.

Өмүрбек уулу Кудурет

Манас шаарынын мэриясынын башкы адиси- жумушчу топтун мүчөсү

6.

Караев Турдукул Калилович

Демилгечи топтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү

7.

Султанова Курманжан

«Седеп» КФтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                     

 

 

Осмонова Г.О.

 

                                                                                              

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Манас шаардык депутаттар кеңешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын

№3-токтомуна №2-тиркеме

 

 

Манас шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги

 

№

Аймактык башкармалыктар

Өткөрү датасы

Сааты

 

Өкүлдөрдүн саны

Жооптуу МАБ

1.

Курманбек МАБ

№3 орто мектеп

17.10.2025-ж.

17-00

 36

Умуралиева А.К

 

2.

Ч.Айтматов МАБ

№6 орто мектеп

17.10.2025-ж.

15-00

40

Алдосова Б.С

 

3.

М.Конгантиев МАБ

Имараты

20.10.2025-ж.

10-00

16

Алтыбаева М.С.

4.

Т.Тайгараев МАБ

-№10 орто мектеп

-№25 Т.Идирисова орто мектеп

20.10.2025-ж.

10-00

15-00

20

Джээнбеков Т.К

5.

Достук МАБ

 №75 КЛ

21.10.2025-ж.

16-00

33

 

Эргашева Н.О

 

6.

Спутник МАБ

№9 орто мектеп

21.10.2025-ж.

14-00

36

Райимжанов А.А

7.

Көк-Арт МАБ

№13 орто мектеп

22.10.2025-ж.

14-30

19

Шайбеков К.Ж

8.

Административдик имараттын кичи жыйындар залы

01.11.2025-ж.

10-00

 200

Мустапакулова М.П.

К.Өмүрбек уулу

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                     

 

 

Осмонова Г.О.