Загрузка документа…
Тиркеме
| ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 745 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн
жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө
жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылуучу жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен байланышкан уюштуруу маселелерин эсепке алуу жана координациялоо механизмин аныктайт.
2. Эсепке алуу жана координациялоо жаштар саясаты жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн эл аралык жаштар демилгелерине катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жаштардын эл аралык кызматташуусу чөйрөсүндө жаштар саясатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
4. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформалар – жаштарды глобалдык же региондук диалогго тартууга багытталган эл аралык же региондук уюмдар, түзүмдөр, бирикмелер жана иш-чаралар;
2) ыйгарым укуктуу орган – мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган;
3) өкүл – жаштар менен активдүү иш алып барган жана/же жаштар демилгелеринин кызыкчылыктарын коргогон, эл аралык жаштар платформасына катышуу үчүн өкүлдөнгөн Кыргыз Республикасынын жараны;