Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2025-жылдын 16-сентябры № 7

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы №114 Кара-Гур орто мектебине класс ачуу жөнүндө

 

           Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы   №114 Кара-Гур орто мектеби тоолуу, шарты оор жана Кожо-Келен айылынан С.Ибраимов атындагы орто мектебинен 11 чакырым алыстыкта  жайгашкандыгына байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп директорунун жана Папан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-сентябрдагы  кайрылуусунун негизинде класстарын ачуу максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши угуп жана талкуулап  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылындагы №114 Кара-Гур орто мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026- окуу жылында:

 

-1-класста -10 окуучуга

-2-класста - 8 окуучуга

-3-класста - 13 окуучуга

-4-класста - 12 окуучуга

-5-класста - 11 окуучуга

-6-класста - 10 окуучуга

-7-класста - 8 окуучуга

-8-класста - 9 окуучуга

-9-класста - 11 окуучуга

-10-класста -11 окуучуга

-11-класста -11 окуучуга ачууга уруксат берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Аттокуровага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

М. Мырзабеков