Редакцияот 26.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын

(8-шайлаган) жыйналышы

 

2025-жылдын 26-сентябры № 8/2

 

Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын башчысы Н.Алмазбек уулунун 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 01-01-4/337-катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэфицентти жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренелерине ылайык, аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү тууралуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси – юрист Т.Аматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын  айылдык кеңеши     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагында жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү 2,0 болуп бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан баштап колдонууга алынсын.

2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэфиценттин маанисинин өлчөмү бекитилгендигине байланыштуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Арзи уулуна милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т. Кийизбаев