Редакцияот 26.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын

(8-шайлаган) жыйналышы

 

2025-жылдын 26-сентябры № 8/3

 

Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындыгы № 01-12/246 “Кыргыз Республикасыныны “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруугу алуу жөнүндө” буйуругуна ылайык мыйзамды ишке ашырууга багытталган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы айыл аймагында аткарууга алынсын. 

2.Ушул мыйзамдын 3-беренесинде белгиленген тыюу салуулар камсыз кылынсын  жана төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:

- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;

- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

3.Мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна, айыл башчыларына жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн МУУйларына тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук  уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу  комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

К.Т. Кийизбаев