Редакцияот 26.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын

(8-шайлаган) жыйналышы

 

2025-жылдын 26-сентябры № 8/4.2

 

Капчыгай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” №4/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

        Капчыгай айылдык кеңешинин  2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” №4/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап  Ой-Тал айыл аймагынын  айылдык кеңеши     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Капчыгай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы “Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” №4/1 токтомунун 2-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун:

- Ой-Тал айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылыдагы Чон-Талды-Суу көчөсү Абдыраев Илияз атындагы көчө болуп аталсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Кадыровага тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т. Кийизбаев