Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясынын

(8-шайланган) жыйналышы

 

2025-жылдын 10-октябры  № 9/2

 

Ой-Тал айыл аймагындагы калктын жана мекемелердин 2025-2026 күз-кыш мезгилдерине даярдык абалы

 

       Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын  айылдык кеңеши         

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл аймагындагы калктын жана мекемелердин 2025-2026 күз-кыш мезгилдерине даярдыгы талапка ылайык экендиги белгиленсин.

2.Айыл аймагына караштуу Сары-Бээ айылындагы жаңыдан бүткөрүлүп жаткан спорт залга керектелүүчү көмүр отунду эсептеп, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өтүүчү кезектеги сессиялык жыйналышка сунуш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Арзи уулуна милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т. Кийизбаев